Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:45

“Кыргызгаздын” “Газпромго” өткөнүнө 10 жыл: Убада канчалык аткарылды?


“Газпром Кыргызстан” компаниясынын кеңсеси.
“Газпром Кыргызстан” компаниясынын кеңсеси.

“Кыргызгаз” компаниясы Орусиянын “Газпромуна” сатылганына он жыл болду. Кыргыз өкмөтү муну Бишкектин жакасындагы конуштарга жана башка айылдарга газ жеткирүү, Ошту көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, өлкөнүн газ системасын жаңылоо сыяктуу маселелерди чечүү максаты менен түшүндүргөн.

10 жылда өлкөнү газдаштыруу 22%дан 40%га чыкты. Бирок ондогон айылдарга дале көгүлтүр отун жетпеген бойдон калууда.

“53 айылга газ жеткирилди”

“Газпром Кыргызстан” компаниясы 2023-жылдын жыйынтыгы менен кошо ишкана түзүлгөн 2014-жылдан бери аткарган жумуштары тууралуу учкай отчётун жарыялады. Албетте, быйыл “Кыргызгаз” ишканасы “Газпромго” өткөнүнө он жыл болгону менен жыйынтыктар тогуз жылдын гана эсеби. Себеби, 2024-жыл эми гана башталууда.

Мекеменин өкүлдөрү билдиргендей, “Газпром Кыргызстан” компаниясы бул жылдары Кыргызстандын газ системасын реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө жалпысынан 32 млрд сом жумшады. Натыйжада Кыргызстанда газ пайдалануучулардын саны 290 миңден 402 миңге жетсе, жылдык керектөө 205 миллион куб метрден 412 миллион куб метрге чейин жогорулады.

“Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун оңдоо жана капиталдык курулуштар боюнча орун басары Мурат Сулайманов аткарган жумуштарды дагы да жалпылаштырып айтып берди:

Мурат Сулайманов
Мурат Сулайманов

“Биз өз планыбызда 2023-жылы 3 калктуу конушту газдаштырууну мерчемдеген болчубуз. Бирок жергиликтүү бийликтин жана тургундардын өтүнүчү менен жумуш көлөмүбүздү көбөйтүп, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 12 конушту газ менен камсыз кыла алдык. Бул шаардагы жеңил эмес экологиялык абалга жана электр энергиясынын дефицити менен да байланыштуу. Жалпысынан биздин компания 1250 чакырымдан ашык газ түтүктөрүн куруп, республиканын 270 миңден ашуун тургуну жашаган 53 калктуу конушун газдаштыра алды. Натыйжада 2014-жылдан бери Кыргызстандын газ менен камсыз кылуу 22%дан 40%га жетти. Кыргыз-орус өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык, 2030-жылга чейин “Газпром Кыргызстан” Кыргызстандын газ менен камсыздоону 60%га чейин жеткирүү милдеттемесин алган. Биз акырындап ошол максатты көздөй баратабыз”.

2014-жылдын 10-апрелинде Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт өкүлдөрү кол койгон келишимдин алкагында “Кыргызгаз” ишканасы орусиялык “Газпром” компаниясына символикалуу түрдө 1 долларга сатылып, “Газпром Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. Кийин ага “ОшГаз” ишканасы да өткөн. “Газпром” ошол маалда “Кыргызгазды” 40 млн долларлык карызы менен алганы маалымдалган.

Бишкектеги жаңы конуштардын бириндеги газ түтүктөрү.
Бишкектеги жаңы конуштардын бириндеги газ түтүктөрү.

Ошол себептүү он жылдан берки газдаштыруу иш-аракеттерин “Газпром Кыргызстан” компаниясы өз эсебинен жүргүзүп келет. Ортодо түзүлгөн келишим боюнча компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд рубль жумшоону убада кылган. Жогоруда бул багытта 32 млрд сом инвестиция салынганын, бул сумма тогуз жылдын жыйынтыгы экенин баяндадык.

Бирок бул каражаттар өзүн канчалык актады? Дегенибиз азырынча Чүй менен Бишкектин айланасы гана газдаштырылып жатат. Тагыраагы 53 жаңыдан газ жеткен айылдын 31и баш калаада. Башкача айтканда, компания түтүктөрдү борбордон алыс тарта элек экен.

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев да “Азаттыкка” берген интерьюсунда мына ушул маселелерди белгиледи:

Мейкинбек Абдалиев
Мейкинбек Абдалиев

“Негизи мен “Кыргызгаздын” “Газпромго” 1 долларга сатылышына каршы чыккам. Мына жыйынтыгын көрүп жатабыз. Алар Бишкектин жака-белинде гана газдаштыруу болумуш этип жатат. Бишкекте ансыз деле газ куурлары бар да. Ошону эле аз-маз созуп, кичине арыраак жылдырып, конуштарды туташтырып кетип жатышат. Бирок башка облустарга газ куурлары тартылган жок да. Мен билгенден түштүк облустарда бир да жаңы конушка көгүлтүр отун жеткирилген жок. Түндүк облустарды деле кыйратып газдаштырышкан жок. Эгер алыскы райондорго, алыскы айылдарга да газ түтүктөрүн салышса, ошондо инвестиция салды десек болмок”.

“Жалпы 400 айыл газдаштырылышы керек”

Баса, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу боюнча башкы схемасына ылайык, алар 2030-жылга чейин өлкөнүн 400 айылын газ менен камсыз кылышы керек болчу. Ошондо мекеме өзү айтып жаткан 60%дык чекке жетет.

Бирок соңку тогуз-он жылда болгону 53 айылды газдаштырылса, дагы алты жылда 347 айылга куур тартуу мүмкүнбү?

Бул суроону “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяровго узаттык:

Арзымат Алдаяров
Арзымат Алдаяров

“Бул жерде газдаштырууну эсептөөнүн математикасы бир аз башкача. Өзүнүн методикасы менен эсептелет. Мурдагы жылдары деле газдын куурлары, газдаштырылган айылдар бар болчу. Биз мына ошол санга 53 калктуу конушту кошуп, ошону менен газ менен камсыздоо 40%ды түзөт деп айтып жатабыз. Ошол эсеп менен алганда 60%га чейин жетебиз деген максат биз үчүн реалдуу эле”.

“Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы мунун артынан жөнөткөн маалыматында "Кыргызгаз" ачык акционердик коому совет мезгилинде газдаштырылган 40-45 калктуу конушту гана тейлегенин маалымдашты. Демек, соңку жылдары газдаштырылган 53 айылды буга кошуп санаганда өлкөдө 100дөй калктуу пунктка газ жеткен деп бүтүм чыгарсак болот экен. Ошондо да 2030-жылга чейин калган 300 айылга газ жеткирүү маселеси күмөн жаратат.

“Газпром Кыргызстан” компаниясынын Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу боюнча башкы схемасы.
“Газпром Кыргызстан” компаниясынын Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу боюнча башкы схемасы.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги “Газпром Кыргызстан” компаниясы келишимде каралган милдеттемелерин өз убагында аткарып жатканын билдирүүдө. Министрлик процесс жай жүрүп жатканын аталган компания инвестицияны башка жакка да жумшап жатканы менен түшүндүрүүдө.

Энергетика министрлигинин Отун, газ жана жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Светлана Абдрасулова мындай деди:

“Макулдашууга ылайык, 2014-жылдан баштап бүт Кыргызстандын газдаштырууга “Газпром Кыргызстан” компаниясы жооп берет. Алар кайсы жылы канча калктуу конушту туташтырабыз, кайсы жылы кайсы райондорго куур тартабыз дегендин баарын өз планында бекитишкен. Азыр мына ошонун алкагында иш жүрүп жатат. Анан, Кыргызстанда билим берүү жайларын жана спорт комплекстерин куруу жөнүндө да убадалары бар. Аларды да көрүп жатасыңар, “Газпром” мектептерди, спорт комплекстерин, ден соолукту калыбына келтирүү комплекстерин куруп берип жатат. Бүгүнкү күндө булар талап кылынган инвестицияны салып, жумуштарды өз мөөнөтүндө аткарып жатышат. Биз баарын көрүп жатабыз”.

Маалым болгондой, 10-15 жыл мурда да Ошко Өзбекстандан газ келбей калган учурлары катталып турчу. Өзгөчө 2014-жылы экинчи борбор калаага тогуз ай көгүлтүр отун берилбей калган. Мына ушул маселеге "Кыргызгаз" “Газпром” компаниясына өткөн соң чекит коюлары айтылган. Анткени, “Орусия Өзбекстан менен түз келишим түзүп алып келет” деген ишеним болгон.

Бирок ага карабай соңку жылдары да Ошто газдын басымы азайып кеткен учурлар болуп келатат. Акыркы ирет ушундай эле нерсе быйыл январда катталды.

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын жетекчилиги мунун себебин коңшу Өзбекстандын өзүндө көгүлтүр отун азайганы менен түшүндүрүүдө. Мекеме өкүлдөрү коңшу өлкө мурда газды экспорттоочу болгонун, азыркы маалда импорттоочу болуп калганын айтышты.

“Кыргызстанда мунай жана газ өндүрүлөт”

Соңку төрт-беш жылдан бери "Газпром Кыргызстан" компаниясынын Кыргызстанда мунай казуу маселеси улам-улам көтөрүлүп келе жатат. Тагыраагы Жалал-Абаддагы "Кыргызнефтегаз" ишканасы "Газпромго” сатылып, ал мунайды жана андан алган бензин менен газды өлкө ичинде сатышы мүмкүн.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын октябрында бул жөнүндө депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Орусиянын "Газпром" ишканасы менен "Кыргызнефтегаздын" ортосунда бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, буга байланыштуу эки өлкөнүн президентттеринин макулдугу бар экенин тактаган. Ал "Кыргызнефтегаздын" тагдыры 2024-жылдын 1-январына чейин чечилерин айткан эле.

Кийин ошол эле жылдын ноябрында энергетика министри Таалайбек Ибраев Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы XII эл аралык газ форумунда бул жөнүндө буларды айткан:

Таалайбек Ибраев
Таалайбек Ибраев

“Азыр бизде “Газпром” менен "Кыргызнефтегаз" деп аталган аябай жакшы долбоорубуз бар. Бул биздин урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров тараптан колдоого алынып, бүгүнкү күндө долбоор жактырылды. Биз “Газпром” Кыргызстанда газ жана мунай өндүрүп, элибизди ошол эле газ менен камсыз кылуусун жана мунайды биздин кайра иштетүүчүн заводдорубузда иштетүүсүн каалайбыз”, – деди Таалайбек Ибраев.

"Кыргызнефтегаз" ишканасынын 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна, калганы элге таандык. Ишкана 2021-жылы президент Садыр Жапаров менчиктештирилиши керек деген мамлекеттик мүлктөрдүн тизмесине кирген. Ушул күндөрдөгү маалыматтарга ылайык ал сатыла элек.

“Газпром Кыргызстан”
“Газпром Кыргызстан”

“Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров 14-марттагы басма сөз жыйынында буларга токтолду:

“2019-жылы “Газпром” менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосунда "Кыргызнефтегаздын" активдерин сатып алууга байланыштуу жол картага кол коюлган. Мында Кыргызстандын өзүнүн кендерин колдонуу жөнүндө кеп болуп жатат. Кыргызстандын түштүк аймагында СССРдин тушунда изилденип аныкталган 5 млрд куб метр газдын запасы бар. Мына ошол газды өндүрүп, анан Кыргызстандын түштүк аймактарын өзүбүздүн газ менен камсыздоо максатында ушул иштер башталган. Биз келип эле "Кыргызнефтегазды" сатып алууну койгон жокпуз, маселе ошол газды өндүрүш керек болуп жатат. Ошону үчүн “Газпромдун” инвестициясын салуу боюнча даярдыктар жүрүп жатат. Бирок баланстагы материалдар изилденип, аудит өткөрүлүп, анан ошонун жыйынтыгында чечимдер кабыл алынышы мүмкүн. Аудит ушул жылы өтүшү мүмкүн”.

Көгүлтүр отун.
Көгүлтүр отун.

“Газпром Кыргызстан” компаниясынын Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу боюнча башкы схемасында өлкөнүн түндүк-түштүк аймактарын бириктирген газ магистралын куруу планын койгон. Эгер ал ишке ашса Орусиядан Казакстан аркылуу келген газ Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына түз жетмек.

Мекемеден билдиришкендей, мунун долбоору толук даярдалган. Бирок алар эгер “Газпром Кыргызстан” "Кыргызнефтегазды" сатып алып калса, бул магистралды курууга муктаждык жок болуп каларын, ошону үчүн иш баштабай турушканын билдирүүдө.

"Кыргызнефтегаз" ишканасы.
"Кыргызнефтегаз" ишканасы.

Бирок Кыргызстандын парламентарийлеринин арасында "Кыргызнефтегазды" “Газпром Кыргызстан” сатууну колдобогондор да бар. Кайрадан эл өкүлү Мейкинбек Абдалиевдин пикирин ортого салалы:

“Негизи Орусиянын өзүндө мунай жана газ жеңил казылат. А бизде, ошол эле "Кыргызнефтегаздын" кендеринде мунайды өтө тереңден казууга туура келет жана көлөмү аз. Башкача айтканда ал жерди алууга “Газпром” көп кызыкдар эмес, пайда деле алып келбейт. Ошону үчүн алар эмне үчүн ушул долбоорго баш уруп жатканы мага түшүнүксүз. Алар балким өзүбүз чыгарып эле келген газ менен мунайды колуна алып, кайра өзүбүзгө сатып, колу-бутубузду байлап алабы деп ойлойм. Азыр ансыз деле өзүбүздүн өкмөт "Кыргызнефтегазды" иштетип жатат. Мунайды жана газды колунан келишинче өндүрүп, киреше алып келүүдө. Мамлекетке пайда алып келүүдө. Башка жагынан алганда бул бизге стратегиялык жактан да керектүү да. “Кыргызгазды” да берсек, анан эми "Кыргызнефтегазды" да карматып отуруп калбайлы дегеним”.

“Газпром Кыргызстандын” ошол эле башкы схемасында суюлтулган газды колдонуу аркылуу Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарын да автономдук негизде газ жеткирүү мүдөөсү жазылган. Ал качан ишке ашары азырынча белгисиз.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG