Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

"Газпром Кыргызстан" быйыл 11 калктуу конушка газ жеткирилерин билдирди


Илюстрациялык сүрөт.
Илюстрациялык сүрөт.

“Газпром Кыргызстан” компаниясы быйыл Бишкек шаарындагы 11 жаңы конушка газ жеткирилерин билдирди. Компаниянын сайтына чыккан маалыматка караганда, учурда “Төкөлдөш”, “Ак-Тилек-2”, “Ак-Тилек-Турбаза” жана “Ала-Арча” жаңы конуштарында газ түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Чүй облусунун Новопавловка жана Селекционное айылдарында да иштер башталганын, жакында “Бакай-Ата”, “Жогорку Көк-Жар”, “Попеновка” жана “Товарная” калктуу конуштарында да жумуш баштоо пландалып жатканы айтылат.

“Газпром Кыргызстан” билдиргендей, 2023-жылы 218 чакырымдык газ түтүктөрүн орнотуу пландалган. Ал эми жыл башында борбор калаадагы “Кырман” жаңы конушуна газ берилген.

“Бакай-Ата” конушундагы 16,2 чакырымдык газ түтүгү келерки жылдын февралына чейин жасалып бүтөт. Новопавловкадагы долбоор 146 чакырымды түзөт жана ал быйыл калк жашаган аймакка тартып барылып, калган жумуш 2024-жылы уланат. Газ берүү иштери этап-этабы менен жүрөрү маалымдалды.

Компания билдиргендей, буга чейинки иштердин жыйынтыгы менен 45 миң үй газга туташкан. Быйыл 11 калктуу конуштагы долбоордун алкагында 10 миң үйгө газ берилет.

Бишкек мэриясы газ койдуруу үчүн тургундарга пайызы аз насыялар берилерин июль айында билдирген. Бул долбоор "Газпром Кыргызстан" ишканасы менен "РСК Банк" "Газдаштыруу" деп аталган программанын негизинде ишке ашырылат. Анда жарандар 150 миң сомго чейин төмөнкү пайыз менен күрөөсүз, кепилдиксиз жана баштапкы төлөмү жок насыя ала алат деп айтылган.

Жыл башында өкмөт башчы Бишкектеги ыш көйгөйүнөн улам шаардын жака белиндеги 20 конушту жакын арада газдаштыруу керектигин айткан. Ал тиешелүү министрликтерге жана Бишкек шаардык мэриясына бул жаатта “Газпром” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG