Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

"Газпром Кыргызстан" мунай өндүрүү планы менен бөлүштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров Кыргызстандын түштүк аймагында мунай өндүрүү планы иштелип чыгып, дээрлик даяр болуп калганын, бирок качан башталары белгисиз экенин билдирди.

Ал компания "Кыргызнефтегаз" ишканасын сатып алып, анын карамагындагы жерди иштетерин белгиледи. Быйыл бул сатып алуу процессинин аудити жүрөт, чечимдер андан кийин кабыл алынат.

"Кыргызнефтегаз" ишканасынын 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна таандык. Ишкана 2021-жылы президент Садыр Жапаров менчиктештирилиши керек деген мамлекеттик мүлктөрдүн тизмесине кирген.

Өткөн жылдын ноябрь айында энергетика министри Таалайбек Ибраев “Газпром” компаниясы кыргыз жеринде газ жана мунай өндүргөнү жатканын билдирген.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы символикалуу түрдө Оруcиянын “Газпромуна” 1 АКШ долларына сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. Кийин ага "Ошгаз" ишканасы да өткөн.

Ортодо түзүлгөн келишим боюнча компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд рубль жумшоону убада кылган.

Андан бери Кыргызстанды газдаштыруу жай жүрүп жатканы тууралуу сын-пикир да бар.(ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG