Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:28

Ибраев “Газпромдун” Кыргызстанда мунай өндүрүү долбоору колдоо тапканын айтты


Таалайбек Ибраев
Таалайбек Ибраев

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Орусиянын “Газпром” компаниясынын Кыргызстанга салган инвестициясы жана салымы жөнүндө маалымат берип, компания кыргыз жеринде газ жана мунай өндүргөнү жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Санкт-Петербургдагы XII эл аралык газ форумунун пленардык отурумунда айтты.

“Азыр бизде “Газпром” менен "Кыргызнефтегаз" деп аталган аябай жакшы долбоорубуз бар. Бул биздин урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров тараптан колдоого алынып, бүгүнкү күндө долбоор жактырылды. Биз “Газпром” Кыргызстанда газ жана мунай өндүрүп, элибизди ошол эле газ менен камсыз кылуусун жана мунайды биздин кайра иштетүүчүн заводдорубузда иштетүүсүн каалайбыз”, – деди Таалайбек Ибраев.

Кыргызстандын министри өз сөзүндө долбоор кайсы деңгээлде жактырылып, колдоо тапканын тактаган жок. Ал “Кыргызнефтегаз” “Газпромго” толук өтүп-өтпөгөнү, мунай өндүрүү жумуштары качан башталары тууралуу да маалымат келтирген жок.

Ибраев өз сөзүндө “Газпром” Кыргызстандын газ тармагын толук колго алганга чейинки 2013-2014-жылдары өлкө калкынын 22% көгүлтүр отун менен камсыз болсо, 2023-жылы камсыздоо 38%га жеткенин айтты. Министр соңку долбоорлор ишке ашса, бул көрсөткүч 2030-жылы 60% жетерин да кошумчалады.

Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан форум 31-октябрда башталган, 3-ноябрга чейин уланат. Анда Орусиянын “Газпром” компаниясынын абалы, келечеги жана жалпы эле орус жергесиндеги газ-мунай өндүрүшү талкууланып жатат.

2023-жылы 4-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын түштүгүн газдаштыруу, күйүүчү май менен камсыздоо маселеси көтөрүлгөн. Депутат Нурбек Алимбеков Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, "Кыргызнефтегаз" ишканасы өндүргөн май Ош менен Жалал-Абад облусуна жетиши мүмкүн экенин айтып, буга байланыштуу анын пикирин сураган.

Акылбек Жапаров учурда Орусиянын "Газпром" ишканасы менен "Кыргызнефтегаздын" ортосунда бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, буга байланыштуу эки өлкөнүн президентттеринин макулдугу бар экенин тактаган. Министрлер кабинетинин төрагасы "Кыргызнефтегаздын" тагдыры 2024-жылдын 1-январына чейин чечилерин айткан.

"Кыргызнефтегаз" ишканасынын 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна, калганы элге таандык. Ишкана 2021-жылы президент Садыр Жапаров менчиктештирилиши керек деген мамлекеттик мүлктөрдүн тизмесине кирген.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы символикалуу түрдө Оруcиянын “Газпромуна” 1 АКШ долларына сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. Кийин ага "Ошгаз" ишканасы да өткөн.

Ортодо түзүлгөн келишим боюнча компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд рубль жумшоону убада кылган. Айрымдар андан бери Кыргызстанды газдаштыруу жай жүрүп жатканын сындап келишет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG