Белгилүү ырчы, аткаруучу Рустам Сагыналиев кырчындай 40 жашында оорудан улам акка моюн сунду. Ал тогуз жылдан бери Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлары” тобунда эмгектенип жаткан.
Энергетика министрлигинин алдындагы "Курулуп жаткан электр станциялар" дирекциясынын башчылыгына дайындалган мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов эки күн иштебей кызматынан кол жууду. Бул дайындоого президент Садыр Жапаров каршы чыгып, энергетика министри Таалайбек Ибраевге эскертүү берди.
Бишкек мэриясы Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерди кайтаруу ишин баштоону көздөп жатат. Маалыматка караганда, парктын аймагындагы курулуштарды демонтаждоо жана бузуу иштери 20-майга пландалган.
Беш айдан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган журналист, "Temirov Live" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы абакта сабалганы тууралуу сүрөттөр жарыяланды. Жаза аткаруу кызматы ага кызматкерлер кол көтөрдү деген маалыматты четке кагууда.
Белоусовдун Орусиянын коргоо министри болуп дайындалышы Украинадагы согушка кандай таасирин тийгизет? Путиндин жакын досу деп саналган Шойгунун тагдыры эмне болот?
Грузиянын парламенти “чет элдик агенттер” тууралуу талаштуу мыйзам долбоорун жактырды. Тбилисиде митингге чыккандар менен полиция кагылышты, бир нече киши кармалганы кабарланды. Грузин парламентинде эң жогорку чектеги коопсуздук чаралары киргизилди.
Украинада армияга абактагыларды тартууну караган мыйзам долбоору жактырылды. Документке ылайык, айыпкерди эч ким мажбурлабайт, ал өз ыктыяры менен барса болот. Депутаттардын эсебинде, армиянын катарын жаза мөөнөтүн өтөп жаткан миңдеген кишилер толуктайт. Алар фронтко кандай шартта жөнөтүлөт?
Азап-тозокту башынан кечирип, немис туткунунан, андан кийин Сибирдеги советтик лагерден Ала-Тоого аман-эсен жеткен кыргыздын уулу Сатар Алманбетовдун тагдыры тууралуу тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин жана белгилүү жазууучу, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев менен маек курабыз.
Орус күчтөрү Украинанын түндүк-чыгышындагы Харьков облусунда чабуулдарын күчөттү. Алар облустагы Киевдин 2022-жылдагы контрчабуулунда бошотулган шаар-кыштактарды аткылап, Украинанын коргонуу тилкесин бузуп өтүүгө аракет кылышты. Эксперттер Орусия Украинада буфердик аймак түзгүсү келерин айтышууда.
Улуттук банк эсептик ченди 11% түшүрдү. Эсептик чен буга чейин 13% деңгээлинде кармалып келген. Кыргызстандын башкы банкы өлкөдө инфляциялык процесстер төмөндөп баратканын, жылдык инфляциянын көрсөткүчү 2024-жылдын апрель айында 5,2% болгонун билдирүүдө.
Дагы жүктөңүз