Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:07

Баткендеги жыйында ачуу сөздөр айтылды


Баткен шаарында өтүп жаткан координациялык кеңешме. 16-январь, 2020-жыл.
Баткен шаарында өтүп жаткан координациялык кеңешме. 16-январь, 2020-жыл.

16-январда Баткен шаарында кыргыз өкмөтүнүн координациялык кеңешмесинде чек ара маселелери талкууланды.

Баткен шаарында чек арадагы кырдаал боюнча өткөн координациялык кеңешмеге вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жана Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты. Кеңешмени вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алып барды.

Кеңешмеде Тажикстан менен чектеш жайгашкан Баткен облусунун аймагында коомдук коопсуздукту, тартипти камсыз кылуу, чек ара аймагында кызматташтыкты бекемдөө жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өңдүү маселелер талкууланды. Чек ара аймагындагы кырдаал боюнча адегенде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров маалымат берди:

Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

- 2019-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14 ирет чыр-чатак чыгып, анын 11и Баткен районунун, үчөө Лейлек районунун аймагында катталган. Чек арада чыккан чатактын сегизинде жергиликтүү эки эл тарабынан ок атылган. Чек ара аймагында тажик жарандары тарабынан 37, кыргыз тараптан 10 мыйзамсыз курулуштарды салуу катталган.

Кеңешмеде кыргызстандык жарандар арасында менчик турак жайды тажикстандык жарандарга сатып кетүү уланып жаткандыгы тууралуу сөз болду. Муну белгилеген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чет элдик жарандарга сатылып жаткан турак жайды мыйзам чегинде кайра кайтарып алуу жараянын жандантууну жергиликтүү бийликке тапшырды:

Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

- Биз бул жакта чек араны бир метрине чейин талашып жатабыз, а кээ бир жарандар ал жердеги үйүн сатып кетип жатат. Бул эмне деген көрүнүш?! «Эртең сатылат экен» деп күтүп отура бербешибиз керек. Бул маселени элге алып чыгыш керек. Эл айтыш керек, үйүн сатып жаткандарга, «чек арадан үйүңдү сатып кеткениң - бул чыккынчылык» деп. «Мамлекетке, чек арага жасаган чыккынчылыгың» деп айтыш керек. Жергиликтүү бийлик, системалуу жумуш аткарбай жатасыңар.

Кеңешмеде Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Тажикстан менен чектеш жайгашкан Максат айыл өкмөтүнүн башчысы Сапарали Адинаевдин Бишкектеги митингде жүргөнүн маалымдады. Лейлек районунун акими айыл өкмөт башчысы учурда мыйзамдуу эмгек өргүүсүндө жүргөнүн айтып, мындай учурда ал каалаган жерге барууга укугу бар экенин билдирди. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков митингде жүргөн айыл өкмөт башчысына карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү талап кылды:

- Бизде элди дүрбөлөңгө салып аткан жетекчилерибиз бар. Ошону толук кызматтык иликтөө жүргүзүп, губернаторго бериңиз. Андай кызматкерлер элди башкарып.. андай болбойт. Мамлекеттик саясатка, президенттин саясатына каршы чыккан жетекчилер менен... Бир жуманын ичинде кызматтык иликтөө жүргүзүп, губернаторго маалымат бериңиз, ал мага маалымат берет. Айыл өкмөт башчысы эл шайлаган жетекчи да. Силер отурасыңар!

Вице-премьер-министр Баткенде жана Бишкекте чек ара маселеси боюнча митингге чыккандар жетекчилик кызматтагылардын туугандары экенин белгилеп, эки акимдин орун басарларын зекиди:

Өзүң акимдин орун басары болуп турсаң, сенин туугандарың митингде жүрүшөт.

- Өзүң акимдин орун басары болуп турсаң, сенин туугандарың митингде жүрүшөт. Туугандарыңа тилиң өтпөсө, анда жыйынтык чыгарыш керек. Мен айтып жаткан нерсе ушул. Жетекчи деген толук кандуу болушу керек да. Сен бул жерде «түшүндүрүү иштерин жүргүздүк» деп атасың, ал жакта туугандарың митингде жүрүшөт. Кызык көрүнүш бул!.. Эки акимдин орун басарынын жоопкерчилигин караңыздар, катуураак караңыздар. Мен да өз сунушумду айтам.

Кеңешмеде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов да жергиликтүү бийликтин ишин сындады. Ал мыйзам боюнча шаарлар менен райондордо жергиликтүү бийлик күч органдары менен кошо координациялык кеңешмелерди өткөрүп турушу керек экенин айтып, 2019-жылы Баткенде мындай кеңеш аз өткөрүлгөнүн билдирди.

Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

- Ызы-чуунун баары Баткен районунда болот. Ал жакта эмне үчүн төрт эле жолу кеңешме болгон? Жетекчилердин жоопкерчилиги эмне үчүн көтөрүлбөйт? А биздин президентибиз Сооронбай Шарипович чек арага жүрөгү менен жан тартып жатат. Тажикстандын президенти менен сүйлөшүп, «маселени чечели» деп жатат. Бизди ошондуктан «маселени жеринде барып көрүп, чечкиле» деп жөнөттү. Бул жакта жергиликтүү бийлик болсо «баарын Бишкек чечет» деп отурат. «Бишкек чечет» деген менен бул жактагы жетекчилердин да жоопкерчилигин көтөрүш керек да! Мыйзамдын талабы боюнча «мыйзам аткарылбаса жетекчи жоопкерчиликке тартылат» деген жери бар. Жазык кодексинде «Шалаакылык» деген берене бар. Ишти козгоп туруп тергөөчүнүн кабинетине саргайтып күттүрүп коём, - деди Жамшитов.

10-январда кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр жол тосуу менен коштолуп, 15-январда Баткенде жана Бишкекте митингдердин өтүшүн шарттаган.

11-январда Баткен районунун Көк-Таш айылында жол тосуу акциясына байланыштуу Жазык кодексинин «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде шектүү катары төрт киши камакка алынган.

Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар 15-январда Бишкекте жана Баткенде митингдерди уюштуруп, анда бийликке чек арага байланышкан бир нече талаптарды коюшкан. Алардын арасында камакка алынган төрт кишини бошотуу, вице-премьер министр Жеңиш Разаковду кызматтан алуу жөнүндө талаптар да коюлган.​

Анын алдында уюштурулган кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын жыйынында тараптар алты пункттан турган протокол кабыл алышкан.

Ошондуктан кеңешмеде акыркы чек ара чатагына байланыштуу жергиликтүү тургундардын аракеттери тууралуу да маселе көтөрүлдү. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев буларды айтты:

Кашкар Жунушалиев.
Кашкар Жунушалиев.

- 11-январда Көк-Таштагы акыркы окуяда бардык күчтөр турса, ага карабастан атайын чыр-чатак чыгарып таш менен ургулап жатышат. Турат го, ошол жерде күч кызматкерлери! Сиздерди кайтарып турушат, ошолор. Өзүбүздүн жарандарды кармап, алардын жасаган ишин тергөө бизге да кыйын. Бирок мыйзамдуу мамлекетте мыйзамдуулук болбосо, анда эртең эмне болобуз? Азыр эми «камалган балдарды чыгарып бергиле» деп жүрүшөт. Биз түшүнүп турабыз. Аны биз мыйзамдын чегинде карайбыз.

15-январдагы акциянын катышуучуларынын бири Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы менен кол коюлган протоколдун кээ бир пункттарына макул эмес экенин билдирди.

Жерди алмашуу менен чечиш керек. Ошондо айылдардын арасы алыс болот.

- Биз тажик туугандар менен бир арыктан суу ичип, бир жолдон басабыз. Ошондуктан чыр көп чыгат. Жаш балдардын келишпестиги мамлекеттик деңгээлге чыгып жатат. Жерди алмашуу менен чечиш керек. Менин үйүм тажик жаранынын үйү менен жанаша турат. Мен алар менен көп сүйлөшөм. Алар да жер алмашууга ынанып турушат. Ошондо айылдардын арасы алыс болот. Чыр чыкпайт. Бирок ал аймактарга камера орнотуунун кереги жок.

Координациялык кеңешменин акырына чейин катышууга журналисттерге уруксат берилген жок. Кыргыз өкмөтү кийинчерээк тараткан маалыматка караганда, координациялык кеңешме күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш жүргүзүүнү, ошондой эле тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча эл арасында маалымат берүүнү тапшырды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG