Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:03

Кыргызстан Тажикстан менен жер алмашууну изилдей баштады


Баткен облусу.
Баткен облусу.

14-январда кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү болуп, алты маселе камтылган протоколго кол коюлган. 

Ал арада Кыргызстандын топографиялык жумушчу тобу протоколдун пункттарынын бирин аткаруу боюнча дароо эле ишке киришкени маалым болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт кабарлагандай, "топографиялык жумушчу топко 2020-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен району менен Тажикстан Республикасынын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген".

Ошондой эле өкмөт "кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына тиешелүү материалдар иштелип жатканын" маалымдады.

Бишкек менен Баткендеги акциялар

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү жана Баткенде чек ара чырына байланыштуу камакка алынган Көк-Таш айылынын төрт тургунун бошотуу тууралуу талап менен нааразылык акциясы өттү.

«Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев акцияга чыккандар бийликке алты талап коюп жатышканын жарыялады:

- Президент чек ара маселесин көтөрүп жер-жерден келген жарандарды кабыл алсын. Баткенде жалган жалаа менен кармалган төрт киши тез арада бошотулсун. Чек арага жакын жашаган элди коргоо үчүн элдик кошуундар түзүлсүн. Чек арачылар кошумча техника менен камсыздалып, саны көбөйтүлсүн. Дагы бир талабыбыз - вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетсин!

Чек араны чечүүнү талап кылгандар акцияга чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00

Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну чек арадагы окуяларга байланыштуу «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шек саналып 11-январда кармалган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алды.

Алардын бошотулушун талап кылган нааразылык акциясы Баткен шаарында да өттү.

Баткендеги нааразылык акциясы.
Баткендеги нааразылык акциясы.

Ал арада вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Көк-Таш айылынын жашоочулары менен жолукканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Бир катар маселелер, анын ичинде айылдын чагымчылдык аракеттер үчүн шектүү төрт жашоочусунун камакка алынышы талкууланды. Белгиленгендей, бул маселе мыйзам чегинде кылдат каралат», деп айтылат маалыматта.

Ал эми өкмөт Бишкектеги нааразылык акциясынын катышуучуларынын «Жеңиш Разаков кызматынан кетсин!» деген талабы боюнча комментарий бере элек.

Чек ара сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы

14-январда кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү болуп, алты маселе камтылган протоколго кол коюлду.

Ал арада кыргыз өкмөтү эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында кол коюлган протокол боюнча кененирээк маалымат таратты.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде аймактарды аныктоо иштерин улантууну жандантуу боюнча пикир алмашылды. Анын жыйынтыгында алты маселени камтыган протоколго кол коюлду. Анын алкагында:

1. Укуктук жумушчу топторго 2020-жылдын 15-февралына чейин 114 чакырым аралыктагы чек ара аймагын аныктоо боюнча макулдашылган позицияны берүү тапшырылды;

2. Топографиялык жумушчу топторго Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды 2020-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу тапшырылды;

3. Тараптар Чоркух - Ак-Сай - Ворух, Көк-Таш – Ортобоз автоунаа жолдорунда биргелешкен күзөтүн улантууга, Исфара-Ворух жана Баткен-Исфана автоунаа жолдорунун кесилишинде жол чырактарын, байкоо камераларын орнотууну макулдашты;

4. Чектеш облустардын жергиликтүү бийлик органдарына чыр-чатактарга жол бербөө, ошондой эле чектеш райондордун калкынын зарыл маселелерин чечиш үчүн түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды;

5. Социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү, чыр-чатактардын алдын алуу максатында Баткен облусунун жана Согди облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын ар тараптуу кызматташуусу күчөтүлөт;

6. Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу боюнча макулдашууларды бекем сактооо тууралуу бир пикирге келишти.

Жолугушууда кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ал эми Тажикстандын делегациясын тажик вице-премьер-министри Азим Иброхим жетектеди. Жолугушууга эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Чек ара көйгөйү кантип чечилет?

Мурдагы депутат Нооманжан Аркабаев чек араны чечүүдө сабыруулук керек деп эсептейт.

- Манас атабыздан бери ата-бабаларыбыз тажиктер менен, алар биз менен өтө сый, бири-бирин колдоп, жакын дос, тууган болуп жашап келген, - деди ал. - Мына ушул жагдайды эске алганда биздин тамырыбыз бир десек да болот. Динибиз да бир, үрп-адатыбыз да бир. Кээ бир адамдар бар, «бул жер биздики, тигил жер биздики» деген. Бирок муну менен маселе чечилбейт. Бул жерде президент маселени түздөн-түз көзөмөлгө алып туруп, өз деңгээлине жараша тажик тарап менен сүйлөшүүнү жүргүзүшү керек. Бул ишке саясатылар гана эмес, элдик дипломатиянын өкүлдөрү, биздин даанышман аксакалдар да тартылышы зарыл. Чек араны акыл жана тынчтык жолу менен чечиш керек. Бири-бирине күнөө жана орунсуз талаптарды коюу кырдаалды курчутат.

Чек ара маселеси парламентте да сөз болду. Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев чек ара боюнча өкмөт чабал иштеп жатканын айтып, аны сынга алды. Бул тууралуу ал парламенттин 15-январдагы жыйынында билдирди.

Депутат 2019-жылы Жогорку Кеңеш чек ара маселесин бир нече жолу талкуулаганы менен жыйынтык чыкпай жатканын кошумчалады.

- Кийинки жумада чек ара маселесин дагы талкуулайбыз. Баягы эле сөз, эч нерсе чечилбейт. Өкмөт так план, стратегия менен келип Баткенге канча акча бөлүнгөнүн айтышы керек. Коалицияны уят кылып, президентти артка тартып жатасыңар. Ошондуктан элге канча ссуда берилет, канча камера коюлат, канча каражат бөлүнөт жана чек арада канча элдик кошуун иштейт - так маалымат менен келиш керек. Болбосо «сүйлөшүү жүрүп жатат» деп эле эч жыйынтык чыкпайт, - деди Төрөбаев.

Ал арада өкмөт 16-январда Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселелери боюнча координациялык кеңешме өткөрө турганын кабарлады. Ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышмакчы.

Кеңешмеде чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маселелер каралат. Ошондой эле тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек ара кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер талкууланмакчы.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG