Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:49

«Азия Ньюстун» редактору сурак берди


Асланбек Сартбаев.
Асланбек Сартбаев.

"Азия Ньюс" гезитинин редактору Асланбек Сартбаев Аскер прокуратурасына сурак берип чыкты.

Кыргыз тилдүү «Азия Ньюс» гезитинин редактору Асланбек Сартбаев Аскер прокуратурасына 15-январда сурак берди.

Ал «Азаттык» радиосуна комментарий берип жатып, тергөөнүн купуялуулугу боюнча тил катка кол коюп бергенин билдирип, кайсы иш боюнча суракка чакырылганын ачык айткан жок.

Бирок редактор беш саатка созулган сурак «Азия Ньюс» гезитине чыккан материалга байланыштуу болгонун жана психологиялык басым менен коштолгонун билдирди:

- Тергөөнүн кызыкчылыгы деп тилкатка кол койдуруп алышты. Эч нерсе айтпай, интервью бербешимди эскертишти. Бир саатка созулган сурак маалында мага моралдык-психологиялык басым жасалды. Суроолор журналисттик ишмердигиме, гезитке чыккан материалдарга байланыштуу болду. Бирок кимдир-бирөөнүн атын ачык айтканга мүмкүн болбой жатат.

Журналистти суракка алууга негиз болгон жагдайлар боюнча Аскер прокуратурасы комментарий бере элек.

"Азаттыктын" кабарчысынын бул орган менен байланышууга жасаган аракетинен майнап чыккан жок.

Асланбек Сартбаевден башка "Азия Ньюс" гезити менен кызматташып жүргөн журналист Динар Турдугулованы да Аскер прокуратурасына суракка чакыруу аракети болгон.

- Мага расмий чакыруу келген жок. Тергөөчүлөр телефон чалышты. Алар "14-15-январда келип кете аласызбы" дешти. Ал учурда убактым жок экенин айткам. Анда 16-январда келиңиз деген. Бирок расмий түрдө чакыруу жок болсо, кантип бармак элем?, - деп суроо салды журналист.

Динар Турдугулова да кайсы иш боюнча тергөө органдары чакырып жатканы тууралуу кабары жоктугун кошумчалады.

Бирок Сартбаев сурак берип жаткан маалда бир катар маалымат каражаттары жана жарандык активисттер журналист вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун арызы боюнча суралып жатканын айтып чыгышкан.

Маселен, жарандык активист Адил Турдукулов Сартбаев суракка кирердин алдында вице-премьер-министр Разаковдун жазган арызы боюнча прокуратурага чакырылганын айтканын билдирди:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Мен Асланбек менен эртең менен сүйлөшкөм. Анда тергөөгө кирип бараткан учурда Жеңиш Разаковго байланыштуу сурак берип жатканын айткан. Эми бул суракка алуунун басым катары эле санайм. Анткени, буга чейин Разаков "Азия Ньюс" гезитине каршы 10 миллион сом доо талап кылган. Ошол учурда гезит токтоп калат деп ойлосо керек, бирок бул гезит чиновниктин кемчиликтерин сындаганын токтоткон жок, - деди Турдукулов.

Ал эми 24.kg агенттиги Асланбек Сартбаев ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш ишине байланыштуу экенин өз булактарына таянып жазып чыкты.

Бирок ​Курсан Асановдун адвокаттары бул маалыматтан кабары жок экенин "Азаттыкка" билдиришти.

Сартбаев болсо тергөөгө берген тил катынан улам маалыматты төгүндөй да, ырастай да албасын айтууда.

Негизи вице-премьер Жеңиш Разаков менен "Азия Ньюс" гезитинин ортосундагы пикир келишпестик бир жылдан бери уланып келет.

Былтыр март айында «Азия Ньюс» гезити вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу макала басып, анда ал Тажикстанда кармалып чыкканын жазган.

Басылма буга далил катары Разаков 2010-жылы Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда жетекчисине жазган түшүнүк катын жарыялаган.

Гезиттин редактору Асланбек Сартбаев түшүнүк кат гезиттин ишенимдүү булактарынан алынганын билдирген.

Жеңиш Разаков бул макалага байланыштуу «ар-намысыма шек келтирди» деп гезитти былтыр август айында 10 млн. сомго сотко берген. Сот бул ишти карап редакцияны Разаковго 1 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Жеңиш Разаков буга чейин "Азаттыкка" курган маегинде "Азия Ньюс" гезити өзү жөнүндө бир нече жолу жалган маалымат тараткандыктан сотко кайрылууга мажбур болгонун билдирген.

- Мен жөнүндө таратылган маалыматтар боюнча УКМК текшерип, эч кандай байланышым жок экени боюнча тыянак чыгарган. Анан мындай ушактар эмне себептен чыгып жатат деген суроону да өзүмө берип келем. Анткени мен бирөөнү каралап, ушак тараткандан алысмын. Аны жаман көрөм. Балким менин ордум бирөөгө керек болуп жатабы? Эми сотто урматтуу "Азия Ньюстун" редактору кайсы анык булактардан алганын айтса, балким биз ошол кишилерди билебиз.

Асланбек Сартбаев акыркы күндөрү суракка алган алгачкы журналист эмес.

Соңку жумада эле Ош шаардык милициясына "Клооп" порталынын журналисттери сурак берип чыккан. Буга Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун иниси Руслан Матраимовдун жеке жашоосуна шек келтирүү боюнча жазган арызы себеп болгон.

Бир катар медиа адистер мындай аракетти сынга алып, укук коргоо органдарын кызматынын аша чапты деп айыптап чыккан.

Бул ирет да журналисттин суракка чакырылып, басымга кабылганын айтып чыгышын медиа коомчулук кооптонуу менен кабыл алууда.

Маселен, "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов:

- Сартбаевди кайсы иштин алкагында тергөөгө чакырганы боюнча менин маалыматым жок. Бирок маалымат каражатынын өкүлүнө тергөө маалында кысым көрсөтүү аракети болсо туура эмес. Кайсы иш боюнча суралып жатканын ачык айтса, коомчулук үчүн так болмок.

Тулегенов журналисттер да айрым маалыматтарды толук тактабай коомчулукка жарыялап жиберген учурлар болуп жатканын белгилеп, эркин пресса жоопкерчиликтүү болушу зарыл экенин кошумчалады:

Марс Тулегенов.
Марс Тулегенов.

- Чынын айтканда, журналисттер айрым учурда текшерилбеген маалыматтарды чыгарып, анын аркасынан доо арыздар болуп жатканы моюнга ала турган нерсе. Бул аларды жамандагандык эмес. "Журналисттер" бирикмеси сөз эркиндигинин сакталышына кам көрүп, журналисттерге карата укук бузууларга каршы иш алып барып келебиз. Бирок айрым катачылыктарды да айта кетүү керек.

Жеңиш Разаковдун доо арызы "Азия Ньюска" карата алгачкы иш эмес.

Былтыр Октябрь райондук соту ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин да «Азия Ньюс» гезитине каршы доо арызын канааттандырып, гезитке 1 млн. сом айып салган.

Мындан сырткары гезит Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаев менен да соттошуп, ага 15 миң сом төлөмөр болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG