Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:00

Журналисттин ачык билдирүүсү талкууга түштү


Болот Темиров.
Болот Темиров.

9-январда белгисиз адамдар токмоктоп кеткен журналист Болот Темировдун соцтармактар аркылуу тараткан кескин билдирүүсү кызуу талкууланып жатат.

Ал өзүнө кол салууну кесиптик ишмердүүлүгүнө байлап, ар кандай кооптонууларга карабастан журналисттик жумушун жана коррупциялык көрүнүштөрдү ашкере кылуу аракетин токтотпой турганын белгилеген.

Ички иштер министрлиги журналисттин сабалышын “тоноо” фактысы боюнча гана иликтеп жатканын, жаңы жагдайлар пайда болсо башка беренелер да кошулаарын айтууда.

Эл аралык уюмдар журналисттин сабалышын сынга алып, аны сөз эркиндигине болгон чабуул катары баалап жатышат.​

«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабап кетишкен. Журналист муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда. Ал 11-январдагы социалдык тармактагы баракчасына бул аракеттердин баары аны коркутуу экенин дагы бир ирет жазып, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкере кылуу ишинен баш тартпай турганын билдирди.

- Кимдир бирөөлөрдүн ою боюнча мен коркуп, журналисттик ишимди улантпашым керек болчу. Бирок мен артка кайтпайм. Мен журналистика төртүнчү бийлик болушун каалайм жана ошого аракет кылам.

Билдирүүдө айрым саясатчылардын, таасирдүү адамдардын, кримчөйрөдө деп саналгандардын аттары ачык айтылган.

Алардын катарында аты аталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев буга өз оюн билдирип, учурда чет өлкөдө жүргөнүн, Темировдун жазгандарына түшүнө албай жатканын жазды.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Болот Темировдун билдирүүсүн окуп жаткам, бир маалда эле мени кошуп жазып салыптыр. Жаман сөздөр менен. Таң калдым. Болотту токмоктоп кетиптир деп укканымда өтө кыжаалат болуп, тааныш журналисттерден “жардам керек бекен” деп сурап, кайрылганым эсиме түштү. Ошол эле маалда мен Мекенден алыста жүрөм. Мүмкүн Болотко текст жазып беришип эле окутуп коюшту, заказ менен эле биздин фамилияларды коштуруп койду го” деп жазды Ташиев.

Саясатчы ошондой эле Темировго байланышкан бул ишке аралашкандарды милиция таап, жазалай турган болсо, ИИМге кадыр-барк алып келерин кошумчалады.

Ошол эле кезде Темировдун сабалышын милиция “тоноо” фактысы менен иликтеп жатканы да талкууга түштү. Анткени кол салуу болгон учурда колундагы телефону ыргып кетип, шектүүлөр аны көтөрүп кетишкен.

Иликтөөчү журналист чак түштө сабалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов учурда кылмышка шектүүлөр табыла электигин айтты. Ал иштин жүрүшү менен жаңы жагдайлар ачылса, башка да беренелер кошулушу мүмкүн экенин белгилейт:

Бакыт Сеитов.
Бакыт Сеитов.

- Журналистке кол салып телефонун алып кетип жатпайбы. Ошондуктан “тоноо” фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттадык. Өзүнө карата соттук медициналык экспертиза жүрдү. Ошонун жыйынтыгы менен кошумча беренелер каралышы толук мүмкүн.

Сеитов журналист коопсуздугунан коркуп жаткан болсо ИИМге кайрылса болоорун, бирок Темиров расмий кайрыла электигин билдирди.

Ал эми депутат Жанар Акаев Темировго кол салгандарды кармоо боюнча аракеттер байкалбай жатканын сынга алды:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Чак түштө Темировду сабап кеткен зөөкүр кылмышкерлерди кармоо боюнча Ички иштер министрлигинин ишинин чабал жана солгун болуп жатканы бизди кыжырдантып жатат. Анткени Кыргызстанда коррупцияны, адилетсиздикти жазган эч бир журналистке мындай мамиле болбошу керек. Жалгыз мактанган сөз эркиндиги сыяктуу байлыгыбызды баарыбыз сакташыбыз керек. ИИМ, бардык күч органдары Болот Темировду сабап кеткендерди жана аларга буйрук бергендерди тез арада табышын талап кылабыз.

Ал арада бир катар эл аралык уюмдар журналистке кол салуу окуясын сөз эркиндигине болгон чабуул катары баалап жатышат.

Маселен, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир “Журналисттерди коркутканга болбойт” деген билдирүүсүн "Твиттердеги" баракчасына жазып чыкты. Ал кыргыз бийлигин бул кол салууну тыкыр иликтөөгө чакырды.

Ошондой эле Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет Кыргызстандын жетекчилигине кайрылып, журналисттер коопсуздугунан чочулабай, коррупциялык көрүнүштөрдү чагылдыргандай шарт түзүүгө үндөгөн.

Ушундай эле ойду Америка Кошмо Штаттарынын Бишкектеги элчилиги да жазды.

2019-жылы 17-декабрда «FactCheck» сайты Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана уулунун кымбат сааттары, кийим-кече, асем жасалгалары жана автоунаасы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Иликтөөдө Матраимовдун үй-бүлө мүчөлөрү 2015-2017-жылдары социалдык сайттарга чыгарган сүрөттөрдөгү буюмдарынын реалдуу баалары ачыкталган.

Иликтөөчүлөр өздөрү таап, иликтеген буюм-тайымдардын жалпы баасы 24 миллион сомдон кем эмес турат деген тыянакка келишкен.

Ошол эле маалда Райымбек Матраимовдун 2015-2016-жылкы декларацияларындагы кирешеси да, чыгашасы да бул суммага жетпейт. Эки жылда Матраимовдун үй-бүлөсү 15,6 млн. сом тапканын көрсөткөн.

Ошол күндөрү «FactCheck» сайтынын Матраимовдордун туугандары тууралуу макаласын көчүрүп баскан бир катар маалымат каражаттары иштебей калган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG