Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:56

Ясинанын өлүмү кудаларды жаатташтырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ак-Суу райондук ооруканасында 10-январь күнү чарчап калган наристенин чоң энеси милицияга арыз менен кайрылды. Жабырлануучу бул кадамга секелектин көкүрөгүндөгү жана далысындагы көгала тактарды көргөндөн кийин барган.

Дарыгерлер бала ооруканага өтө оор акыбалда жеткирилгенин, ал эми баланы багып жүргөндөр наристенин тубаса илдети болгонун айтышууда.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, чарчап калган кыздын жакындары күбө катары сурак берип жатат. ​

Мигрант эне иш издеп кеткен

Жарык дүйнөдө аз эле жашап, чарчап калган Ясинанын 23 жаштагы энеси Жылдыз былтыр 17-декабрда Түркияга иш издеп кеткен.

33 жаштагы күйөөсү өлгөндөн кийин анын төрт жаштагы уулу кайын- журтунда калып, кызын өзү алып кеткен экен.

Келиндин таажеңеси Жылдыз Жамансариева үй-бүлөнүн тагдыры тууралуу буларды айтып берди:

- Жылдыз - менин бир тууган кайнежемдин кызы. 11-классты бүтүп жатканда маркум күйөө бала ала качып кеткен. Мурда эки аял алган экен, «тийбей эле койсоң болмок» деп ызылдадык. Кыз отуруп калды. Күйөө бала иччү экен, кыз үч-төрт жолу качып келди. Күйөөсү каза болордун астында да келген. Арак ичип алып бычак менен коркуткан экен.

Жылдыз күйөөсү каза тапкандан кийин кайын-журтуна барып, кара кийип отурууга аргасыз болгон.

- Кыркына чейин отурду. Андан кийин «кетем» дегенинен кайын-журту «кызы менен баласын бербейбиз» деп чыкты. «Талашпайбыз» деп үйдөн чыгып баратсак, кайнежеси бешикте уктап жаткан баланы чечип келип колубузга карматып койду. Баланы жакшы эле карап жатканбыз. Жылдыз кызынын жүрөгүндө тешик бар экенин айтып жүрчү. Бишкекке чейин алып барып көрсөтүшүптүр, - деди Жылдыз Жамансариева.

Жылдыз кайындарынан кеткенден кийин энеси Нина, кызы Ясина менен кошо таякеси Аликтин Бозучук айылындагы үйүндө жашап турган.

Иштеп каражат табуу максатында кызын таажеңеси менен энесине калтырып декабрь айында Түркияга кеткен.

Жылдызга кызынын чарчап калганы тууралуу кабар берилген. Бирок келиндин кайтып келер-келбеси азырынча белгисиз.

Ясинанын таенеси менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Кан басымы жогорулап ооруканага алып кетишкенин айтышты.

Наристе чарчап калган күндү Жылдыз Жамансариева минтип эскерди:

- Эжем «убагы келди, жуунталы» деп калды. Жуунткандан кийин баланын ичи өтүп кетти, аны тазалап, шымын кийгизип атсам, колдору тырышып чыкты. Анан куса баштады, мен коркуп кеттим. Бетине суу чачтык, андан мурда жөтөлүп жаткан. Машине таап, ооруканага жеткиргенге чейин абалы оорлошуп кетти. Оозунун тегереги көгөрүп кеткенде коркуп, эсине келтириш үчүн чапкылаганбыз. Сабаган эмеспиз. Баланын денеси назик да, кармаган кезде көгөрүп калса керек.

"Неберемди алып калам десем беришкен эмес"

Ясинанын чоң энеси Шайыркүл Буланбаева Кичи-Өрүктү айылында турат.

Шайыргүл Буланбаева.
Шайыргүл Буланбаева.

Ал небереси чарчап калгандан кийин «өлүмдүн себептерин аныктап бергиле» деп милицияга кайрылган.

- Баланын чарчап калганын мага дароо айтышкан эмес, - дейт ал. - Бүгүн тергөөчүгө келсем, баланын денесинде көгала тактар бар экенин айтышты. Бала эмнеден өлгөнүн аныктап беришсе деп турам. Жалгыз уулумдан калган эркек бала колумда. Булардын айыбы жок болсо эмнеге «кызыңар ооруканада» деп айтышкан жок? Чарчап калганын кеч угуп жатпаймынбы. Алып барып тоок көмгөндөй эле көөмп салышкан экен.

Шайыркүл Буланбаева келиндин жакындарынын үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу айткандарын четке какты. Ал уулу каза тапкандан кийин келиндин төркүндөрү небересин талашып алып кеткенин айтууда.

- Баламдын кыркы өткөндөн кийин кызы менен уулун ажыратпай чогуу багып алам дегем. Бирок Жылдыздын тайлары болбой "алып кетебиз" дешти. Ошол жерде отурган сакалдуулар дагы "эмчектен чыга элек баланы энесинен ажыратпа, жазында ал" дешти. Жылдызды балам эч убакта сабаган эмес. Мен алар менен бирге турчумун. Мурда эки аял алып, экөө тең төрөбөгөнү үчүн ажырашкан. Жылдызды болсо ала качып алган эмес, Орусияда жүрүп келсем, экөө жашап аткан экен. Кудагыйым Түп районунун Вычка айылында турчу, чогуу мен ошол жер менен катташып жүрдүм. Азыр таажеңесимин деп жаткан Жылдыз биз менен мурда байланышкан эмес, булар кийин эле пайда болду. "Баламды иччү" деп айтып жатышат, айылда жүргөндө шерине, той-топурга барганда ичпесе аракеч эмес эле. Кант диабети менен ооручу, ошонун айынан каза тапкан.

Чоң эненин арызынын негизинде учурда кыздын өлүмү териштирилип жатат.

Бул тууралуу Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мирлан Акунов билдирди:

- Бир жаштагы кыз денесинен жараат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул окуя боюнча биздин Ак-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу ооруканага барып териштирүү ишин жүргүзгөн. Алар кыздын оозунун тегерегиндеги жана далысындагы ар кандай көлөмдөгү көгала тактарды аныкташкан. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, азыркы учурда жыйынтыгы чыга элек. Териштирүү жүрүп жатат.

Бир жаштагы наристени багып жаткан таенеси менен таажеңеси «тумоолоп жатат» деп 10-январда түнкү саат экиден өткөндө Ак-Суу райондук ооруканасына алып келишкен.

Райондук оорукананын башчысы Эркинбай Урманаевдин айтымында, бала ооруканага түшкөн учурда эс-учунан танган абалда болгон.

Эркинбай Урманаев.
Эркинбай Урманаев.

- Бизге келгенде абалы өтө оор болчу. Денесинде, буттарында бир аз тактар бар эле. Биз «грипп, мээнин шишиги, мээнин комага түшүшү» деп жаздык. Мээнин иштешин жакшырта турган дары-дармектерди куйдук, жардам берген жок. Эртеси облустук бириккен ооруканадан медиктерди чакырдык, консилиум болду. Азыр соттук-медициналык экспертизага жибердик, алар анализди бир айдын ичинде чыгарышы керек.

Кыргызстанда буга чейин да миграцияда жүргөн ата-эненин балдары ар кандай себептерден улам чарчап калган учурлар катталган.

Учурда Ак-Суу району боюнча ата-энеси миграцияда жүргөн 1188 бала каттоодо турат. Анын 893үнүн ата-энеси тышкы мигранттар болсо, 295и ички миграцияда жүрөт. Райондук акимият 832 ата-эне мигрант каттоого алынганын кабарлады.

Мигрант эненин наристеси чарчап калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:41 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG