Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:27

Салыкчы премьерликке көрсөтүлдү


Федералдык салык кызматынын башчысы Михаил Мишустин. 15-январь, 2020-жыл. Москва.
Федералдык салык кызматынын башчысы Михаил Мишустин. 15-январь, 2020-жыл. Москва.

15-январда Орусияда Дмитрий Медведев башында турган өкмөт кызматтан кетти. Премьер-министрликке орус президенти Владимир Путин Федералдык салык кызматынын жетекчиси Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштады. Эми аны Мамлекеттик Дума жактырышы керек.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2010-жылдан бери Федералдык салык кызматын жетектеп келген 53 жаштагы Михаил Мишустиндин талапкерлигин өкмөт башчылыкка көрсөткөнү шаршембинин кечинде белгилүү болду.

Кремлдин расмий сайтына чыккан маалыматка ылайык, Путин Мишустинге жолугуп, макулдугун алгандан кийин анын талапкерлигин Мамлекеттик Думага кароого жөнөткөн.

Эми анын талапкерлигин 16-январда карайт.

Саясат таануучу Владимир Рыжков Мишустин технократ өкмөт башчылардын катарына кирерин боолгойт.

- Премьер-министрдин эки түрү болот. Биринчиси - технократтар. Буга чейин орус өкмөтүн башкаргандардын ичинен Михаил Фрадков, Виктор Зубков мына ушул түргө кирет. Ал эми Черномырдин, Медведев, Касьянов салмактуу саясатчылар болуп саналат. Мишустин булардын катарына кошулбайт, биринчи түргө кирген жетекчи десек болот. Ал саясий фигура эмес, технократ.

Мишустин Салык кызматына чейин Өзгөчө экономикалык аймактарды башкаруу боюнча федералдык агенттикти жана башка мекемелерди жетектеген.

Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы. Путин сыяктуу эле спортко, айрыкча хоккейге кызыгат.

Федералдык жыйынга кайрылуу

Ушул эле 15-январь күнү Путин Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен парламенттин ыйгарым укуктарын жогорулатууну сунуштаган.

Ага ылайык, Мамлекеттик Дума министрлерди жана премьер-министрди дайындоо укугуна ээ болушу зарыл.

- Бул парламенттин маанисин жана ролун арттырат, - деди Путин.

Ошондой эле ал кийинки президенттикке аттангандарга талаптарды катаалдаштырууга чакырды. Анын сунушу боюнча, келечектеги орус президенти өлкөдө кеминде 25 жыл жашашы керек жана эч качан чет өлкөнүн жарандыгын же ал жакта туруктуу жашоого уруксат кагазын албаган адам болушу зарыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана мурдагы премьер-министр Дмитрий Медведев. 15-ноябрь, 2010-жыл. Москва.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана мурдагы премьер-министр Дмитрий Медведев. 15-ноябрь, 2010-жыл. Москва.

Медведев үчүн жаңы кызмат

Мына ушундай кайрылуудан көп өтпөй Дмитрий Медведев башында турган өкмөт отставкага кеткенин жарыялады. Путин министрлер кабинети менен жолугуп жатып ага ыраазычылык билдирди.

- Мен сизге биргелешип иштешкен этапта жасалган бардык иштер үчүн ыраазычылык билдирем. Мен жетишилген жыйынтыктарга канааттанганымды айткым келет. Албетте, баары ишке ашырылган жок. Бирок баарын ишке ашыруу эч качан мүмкүн эмес, - деген Путин Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары деген жаңы кызмат түзүп, аны Медведевге сунуштаганы маалым болду.

67 жаштагы Путин Орусияны 20 жылдан бери башкарып келет. Бул убакыт ичинде премьер-министр жана президент болууга үлгүрдү. 2018-жылы Путин алты жылдык мөөнөткө шайланган.

2024-жылы ал мыйзамга ылайык, кызматтан кетиши керек. Саясат таануучу Владимир Рыжков 15-январдагы өзгөрүүлөр 2024-жылкы шайлоого даярдыктын башаты деген пикирде.

- Бүгүн бул 2024-жылга, тактап айтканда же Путиндин кызматтан кетишине же тескерисинче анын бийликте кандайдыр бир жолдор менен калышына даярдык деген сөздөр айтыла баштады. Мен да бул алдыдагы бийликти өткөрүп берүү жараяны менен же бийликтеги өзгөрүүлөргө байланыштуу деп ойлойм.

Орусияда Путиндин рейтинги акыркы жылдары кескин төмөндөп кеткенин ар кандай сурамжылоолор көрсөткөн. Маселен, Жалпы орусиялык коомдук сурамжылоо борборунун былтыркы маалыматына караганда, Путиндин бийлигине орусиялыктардын элүү пайыздан ашууну нааразы. Муну былтыр жайында өткөн бийликке каршы акциялар да ырастаганын байкоочулар белгилеп келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG