Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:13

Орусия: жарылуу курал сыноону токтотпойт


Архангелск облусундагы Ненокса аскер базасы.
Архангелск облусундагы Ненокса аскер базасы.

Орусиянын Росатом мамлекеттик корпорациясынын башчысы өткөн жумадагы Архангелск облусунун Ненокса аскер полигонунда болгон жарылууга карабастан жаңы үлгүдөгү куралдарды сыноо уланарын билдирди.

Ийгиликсиз ракеталык сыноодо көз жумган беш кызматкердин сөөгү 12-августта жерге берилди. Маалыматтарга ылайык жарылуу жаңы өзөктүк кыймылдаткычты сыноо ийгиликтүү ишке ашпай калгандан кийин болгон.

Архангелск облусунун Ненокса аскер полигонунда жаңы өзөктүк кыймылдаткычты сынап жаткан учурда көз жумган беш кызматкердин тажиясына миңдеген адам катышты. Алардын баары Москвадан 375 чакырым чыгыштагы, 1940-жылдардан бери өзөктүк курал жасоо борбору болгон, жабык Саров шаарында жерге берилди. Росатом ишканасынын башчысы Алексей Лихачев курман болгондорду «чыныгы баатырлар» жана «биздин өлкөнүн сыймыгы» деп атады.

Орусиядагы Росатом мамлекеттик корпорациясы Ненокса аскер полигонунда беш кызматкери каза болгонун 8-августта ырастаган. Маалыматка ылайык, полигондо реактивдүү кыймылдаткычты сыноо жүрүп жаткандагы бул кырсыкта дагы үч адам жаракат алган.

12-августта «Нью-Йорк таймс» басылмасы атын атабаган америкалык чалгын кызматкерлерине таянып, Орусия өзөктүк кыймылдаткычы бар канаттуу ракетанын жаңы түрүн сынап жатканын жана полигондогу жарылуу аймакта Чернобыль окуясынан кийинки эле эң чоң катастрофа болуп калышы мүмкүн экенин жазды. «Reuters» агенттиги өз булактарына таянып, Архангелск облусунда өзөктүк күйүүчү май колдонгон ракетанын кыймылдаткычы жарылганын кабарлаган.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп 12-августта орусиялык ишке ашпай калган ракеталык сыноо америкалык адистерге бир канча маалымат алууга мүмкүндүк бергенин билдирди.

«Кошмо Штаттар иштебей калган ракетанын жарылуусунан улам көп нерсе билди. Бизди да ушуга окшош нерсе бар, бирок анын технологиясы жакшыраак. Орусиялык «Skyfall» ракетасынын жарылышына байланыштуу полигондун өзүндөгү гана эмес, андан алыс жердеги эл да абанын тазалыгы боюнча беймаза болду», - деп жазды Дональд Трамп «Твиттер» баракчасына.

НАТО орусиялык канаттуу эксперименталдык «Буревестник» ракеталарын «SSC-X-9 Skyfall» деп атап келет. Маалыматтарда ал өзөктүк кыймылдаткыч жана өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө ыңгайлашкан.

Трамптын билдирүүсү Ак деңиздин жээгиндеги Ненокса айылындагы аскер полигонунда болгон жарылууга карата америкалык расмий адамдардын биринчи реакциясы болду. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, америкалык эксперттердин колунда «Орусия ракеталык өзөктүк кыймылдаткычтын жаңы түрүн жасоого жетише алды» деген маалыматты ырастаган далилдер жок.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Ненокса полигонундагы жарылуудан 30 мүнөт өткөн соң андан 40 чакырым чыгышта жайгашкан Северодвинск шаарында радиация тараганы байкалганын айтып, бирок ал ден соолукка эч кандай зыян келтирбей турганын билдирген.

Коргоо министрлиги болсо радиация чыкканын четке каккан. Коргоо министрлиги да, Росатом да сыноо учурунда жарылып кеткен ракетанын түрүн так аташкан жок.

СССРде да, анын мураскору болгон Орусияда да ири авариялар көп ачыкка чыгарылбайт. 1986-жылы Украинадагы Чернобыль атом электр станциясында болгон жарылуу тарыхтагы эң апааттуу өзөктүк кырсык болгон.

1-июлда Орусиянын Аскер-деңиз флотунун 14 жоокери суунун тереңинде илимий изилдөө менен алектенген аппаратта чыккан өрттөн ажал тапкан. Кремль суу алдындагы кемеде тутанган өрт боюнча кеңири маалымат берүүдөн баш тарткан. Бул – 2000-жылдан бери орус Аскер-деңиз флотунда болгон ири кырсык деп бааланды. 19 жыл мурун «Курск» деген суу алдындагы өзөктүк кеме чөгүп кеткенде команданын 118 мүчөсү ажал тапкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG