Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:28

Ала-Бука: акчалуу айылдагы курулуш чыры


Көк-Таш айылында курулушу токтоп калган оорукананын имараты. Декабрь, 2019-жыл.
Көк-Таш айылында курулушу токтоп калган оорукананын имараты. Декабрь, 2019-жыл.

Ала-Бука районунда бир эле жылда 73 млн. сомдон ашык 6 объектини куруш үчүн тендерден утуп алган «Некст-Строй» компаниясы мөөнөтү аяктаганына карабай курулуштарын бүтүрө элек.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып салынып жаткан бала бакча, оорукана сыяктуу имараттар жарым-жартылай курулган боюнча турат. Компаниянын жетекчилиги айрым себептерге байланыштуу курулуш иштери токтоп калганын моюнга алып, жаздан баштап жандандырарын айтууда.

Көк-Таш айылындагы курулушу токтоп турган бала бакчанын имараты. Декабрь, 2019-жыл.
Көк-Таш айылындагы курулушу токтоп турган бала бакчанын имараты. Декабрь, 2019-жыл.

Көк-Таш айылында эски имаратта жайгашкан ооруканада терапия, төрөт жана балдар бөлүмдөрү гана иштейт. Оор операцияга муктаж, сөөктөрү сынган бейтаптар район борборуна узак жол жүрүп барууга туура келет. Ооруканада дарыланып жаткан бейтаптапдын бири Асал Жолдошева буларды айтты:

Айылдан таңкы саат 4тө жолго чыгып, кайра кеч киргенде үйдө болобуз.

- Оор бейтаптар, УДИге түшүп, анализ тапшыра тургандар Ала-Бука районунун борборундагы ооруканаларга барууга туура келет. Жол узак, таксиде 600 сом менен барып келсек, тамак-ашыбыз менен миң сомдон ашып түшөт. Айылдан таңкы саат 4тө жолго чыгып, кайра кеч киргенде үйдө болобуз. Антпесе ал жакта да кезек күтүп, калып кеткен күндөр болот. Жаңы ооруканабыз эртерээк бүтүп калса, элге жеңил болмок.

Беш айылдан турган Көк-Таш айыл өкмөтүндө 4600 калк жашайт. Бул жакта айылдыктардын саламаттыгына кам көргөн сегиз койкалуу жалгыз райондук оорукананын Көк-Таш айылдык бөлүмү гана иштейт. Маалыматтарга караганда 2018-жылы 20 орундуу эки кабаттуу бейтапканын курулушу башталган. Бирок жакынкы эки жылдан бери 80% курулушу аяктаган имаратта иш токтоп турат. Бейтапкананын улук медайымы Насиба Тураева эски имаратта иштөө кыйын экенин жашырган жок:

Нусиба Тураева.
Нусиба Тураева.

- Бейтапканада ысык суу жок, имарат ичине да суу киргизилген эмес. Оор абалдагы бейтаптар ажатканага сыртка чыгып, ошол жакта жуунуп келишет. Кышкысын оорулуулар көбөйгөндө төрөтканадан башка 6 керебет тартыштык жаратат. Аргасыз үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун керебеттерине жаткырып турабыз. Анткени имарат жоктугунан экөө бир жерде иш алып барат. Жаңы оорукананын курулушу 2018-жылдын февраль айында башталып, ошол жылдын соңунда бүтүшү керек болчу. Бирок жумуштар ошол бойдон токтоп турат. Эки кабаттуу имарат эртерек бүткөрүлсө деп эле турабыз.

Көк-Таш айыл өкмөтү 2017-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен оорукана, бала бакча, эки спорт аянтчасын куруу жана айылга электр жарыгын жеткирүү боюнча жарыялаган 5 тендерди «Некст-Строй» компаниясы утуп алган. Анын ичинен эки обьектинин курулушун аталган компания соттун чечими аркылуу алган. Жаңыдан шайланган Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Ильяз Рысдавлетов токтоп турган курулуштар боюнча буларды айтып берди:

Ильяз Рысдавлетов.
Ильяз Рысдавлетов.

- Бул иштердин баары мага чейинки айыл өкмөт башчысынын тушунда болгон. Ал киши ден соолугуна байланыштуу арызын жазып кетип калды. Оорукананы курууга «Некст-Строй» ишканасы 14 млн. сомго тендерден утуп, ага 12 млн. сом которулган экен. Эки кабаттуу имараттын чатыры жабылган боюнча турат. Жакынкы эки жылдан бери иш таптакыр токтоп калды десек болот. 90 орундуу бала бакчага 19 млн. сом бекитилген, анын 4 млн. сому компанияга берилген. Мында пайдубалы көтөрүлүп, биз аз кыштары урулган боюнча турат. Көк-Таш айылынан Беш-Ташка чейинки 8,6 чакырым аралыкка электр жарыгын жеткирүүгө 8 млн. сом каралып, анын тең жарымы компанияга берилген. Бирок мында эч кандай иш жүргөн эмес. Булак-Башы айылына 3 млн., Кулпек-Сай айылына 2,7 млн. сомдук спорт аянтчасын курууну да жогорудагы компания утуп алган. Бирок бул курулуштардын баары 2018-жылдын акырында аякташы керек болчу. Тилекке каршы, иш жылбай турат. Акырына келгенде алар тайсалдап качып кетишти. Биз бул багытта юрист жалдап, компанияга каршы сотко кайрылдык. Азыр иш Ош шаарындагы район аралык соттун кароосунда жатат.

2019-жылы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн бюджети 98 млн. сомго аткарылып, Кыргызстандагы эң бай айыл өкмөттөрдүн катарын толуктайт. Анткени жергиликтүү бюджет аймакта кен казуучу компаниянын эсебинен толтурулат. Бирок жергиликтүү активист Уларбек Стамов айыл өкмөттүн казынасы байыганы менен элдин жашоо турмушу өзгөрүлбөй жатканын билдирди:

Уларбек Стамов.
Уларбек Стамов.

- Көк-Таштагы бүтпөгөн иштерди текшерип келген бирөө-жарым болобу же жокпу? Беш-Ташка баруучу электр линиясынын курулушу да калып кетти. Тендерден уткан тарап 6 млн. сомду алып, ошол бойдон дайынсыз болду. Өкмөт же Жогорку Кеңеш ушул маселелерди карап, элге жардам берсе жакшы болмок. Айыл өкмөттүн бюджети жылдан жылга өсүп жатканы менен, элдин турмушунда эч кандай жылыш болбой жатат. Болгон акчаны туура иштетүүнү билбей жатышат. Айылда таза суу, оорукананын ашканасы жок. Акча алган компания качып кетип,1,5 жылдан бери курулуш токтоп турат. Бул маселени жергиликтүү тургундар айылдык кеңештин депутаттарына айтышат, алар «сотко кайрылдык» дейт. Бирок маселе ошол боюнча турат.

«Некст-Строй» жоопкерчилиги чектелген коому 2016-жылы Ошто негизделген. Өлкөдөгү мамлекеттик бюджеттен каржыланып курулуп жаткан обьектилердин тендерлерине байма-бай катышып келет. Аталган компаниянын жетекчиси Тынчтык Шерматов Көк-Таштагы тендерге катышып жатканда аймактын шартын эске албай калганын айтты. Эки спорт аянтчасын январь айынын этегинде ишке киргизүүгө убада берген Шерматов башка имараттардагы курулуштар күз айларына чейин толугу менен бүткөрүлөрүн айтты:

- Мен бардык аткарылган жана аткарылбаган иштер боюнча жооп берем. Көк-Таштын шарты тоолуу келип, суук эрте түшөт. Жолдун алыстыгын жана аймактын катаал шартын эске албай калыптырбыз. Ошол себептүү курулуш иштери убагында бүтпөй калды. Буюрса күн жылып, жол ачылса оорукананын курулушу кайра жанданат. Ал жерде 30% эле үч айлык жумуш калган. Биздеги план боюнча 2020-жылдын июнь айында буюрса тапшырабыз. Ал эми бала бакчанын курулушун март айында баштайбыз, анткени бетон чыгаруучу заводдордун иши да ошол айдан тартып жанданат. Кечиккен болсок да сапаттуураак бүтүрөлү деген максат болуп жатат. Жаңы жыл алдында юристтерибиз жергиликтүү бийликке каттарды жөнөттү, келишим боюнча кечиктирилгени үчүн төлөмдөр болсо төлөп берүүгө макулбуз. Электр жарыгын жеткирүү боюнча, жергиликтүү бийлик айылга баруучу көпүрөнү кеч куруп берип, биз тараптан да кечигүү болуп калды. Ал жумуштар да жаздан тартып башталат.

«Некст-Строй» компаниясы 2018-жылы Ала-Бука районундагы борбордук «Жеңиш» эс алуу багын реконструкциялоого жарыяланган тендерге да катышып, районду өнүктүрүү фондунан каржыланган 26,8 млн. сомдук долбоорду да утуп алган. Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Асылбек Стамов аталган компания бир топ каражатты алганы менен жумуштарын аткарбай жатканына нааразы болду:

- Эс алуу багынын курулушу 2018-жылы башталып, ошол жылдын этегинде бүтүшү керек болчу. Компаниянын өтүнүчү менен айылдык кеңештин депутаттары тарабынан 2019-жылга чейин келишим узартылган. Бирок ага карабай компания өз жумуштарын аткарбай, мөөнөтүнөн өткөрүп жиберди. Ошондуктан биз келишимди бузуу максатында аларга каршы укук коргоо органдарына кайрылганга аргасыз болдук. 2019-жылдын сентябрь айында компанияга карата Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тарабынан иш козголуп, азыр тергелип жатат. Буга чейин компанияга 7 млн. сомго жакын каражат берилген экен.

Финполициянын Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча район аралык бөлүмү былтыр сентябрда аталган компанияга карата Жазык кодексинин 232-беренеси («Уюмдардан бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу») боюнча иш козголгонун билдирди. Аталган бөлүмдүн директору Кубанычбек Мамасадыков «Некст-Строй» компаниясынын жетекчисине карата өткөн айдан тартып издөө жарыяланганын «Азаттыкка» билдирип, тергөө жүрүп жатканын кошумчалады. Бирок Тынчтык Шерматов бул тууралуу маалыматы жок экенин айтты:

- Эс алуу багы боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Алар кандай чечсе, иш ошондон кийин белгилүү болот. Ал эми Көк-Таш айыл аймагы бизге каршы сотко кайрылганы боюнча менин кабарым жок. Антени соттон билдирүү ала элекмин.

Көк-Таш айылындагы курулушу бүтпөгөн көпүрө. Декабрь 2019-жыл.
Көк-Таш айылындагы курулушу бүтпөгөн көпүрө. Декабрь 2019-жыл.

Көк-Таш айылы Ала-Бука районунун борборунан 125 чакырым алыстыкта жайгашып, эң алыскы чек ара аймагы болуп саналат. Аймакта 10 млн. сомдон ашык акча бөлүнгөн 2 чакырым жолду асфальттоо, 9,4 млн. сом коротулган 3 көпүрөнүн курулуштары да бүтпөй турат. 11 жергиликтүү депутаттан турган айыл аймагынын быйылкы жыл үчүн бюджети 123 млн. сомго чейин көтөрүлөт деген план бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG