Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Ирандагы учак кырсыгы ачык иликтенүүдө


Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт.
Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт.

Украиналык эксперттер Иранда кыйраган учакты иликтеп бүтүп, бир бөлүгү мекенине кайтты. Эксперттердин дагы бир бөлүгү сөөктөрдүн өздүгүн ДНК анализдин жардамы менен аныктап, аны жакындарына өткөрүп беришмекчи.

Иранда кыйраган украин учагынын эки кыймылдаткычы тең күйбөгөнү эч кандай аспабы эле көрүнүп турат. Анда ыштын, сыныктын же жарылуунун изи жок. Болгону кыймылдаткычтын айрым бөлүктөрү кыйшайып калган. Муну эксперттер өз көзү менен көрүп, корутунду чыгарып жатышты.

- Эки кыймылдаткычтын тең ичиндеги бардык баралары бүтүн. Кыймылдаткычтар күйгөн эмес, - деген бүтүмгө келип жатышты алар.

Украинанын Коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов Иран аткан ракета учкучтар отурган кабинага тийип жарылганын ырастады.

Алексей Данилов.
Алексей Данилов.

- Украин бийлигинде учак сырткы чабуулдан улам кулаганына далилдер бар эле. Иран бийлиги ошол далилдерден улам күнөөсүн мойнуна алганга аргасыз болду, - деди ал.

Кырсыктан 176 киши каза болгон. Эксперттер учактагы отургучтарга сайылып калган ракетанын сыныктарын да таап чыгышты.

Азыр Иранда Украинанын ДНК аркылуу анализ кылуучу эксперттери гана калды. Украинанын Коопсуздук кызматы учактын кыйрашына байланыштуу үч багытта тергөө жүргүзө баштады. Алар - «Атайылап киши өлтүрүү», «Аба транспортунун коопсуздук эрежелерин бузуу» жана «Мүлктү жок кылуу» беренелери. Ал арада Ирандын расмий өкүлү Али Равии билдирүү жасап:

- Украин учагына ракетанын атылышы, 176 кишинин каза болушу - АКШнын Иранга каршы саясатынын кесепети, - деди.

Буга чейин Иранда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өкүлү Ирандын ракета чабуулунан коргонуу бөлүмүнүн оператору жарандык учакты канаттуу ракета деп ойлоп алганын мойнуна алган:

- Оператордо чечим кабыл алууга болгону 10 гана секунд болгон. Ушундай шартта ал туура эмес чечим кабыл алган.

«TL groups» иликтөө компаниясынын улук талдоочусу Стивен Залага Американын канаттуу ракетасы болжол менен 30 метр бийиктикте учарын, ал эми Украинанын учагы андан алда канча бийикте баратканын билдирди. Анын айтымында учактын кыйрашына технологиялык жана усулдук каталар да себеп болгон. Мисалы, Ирандын ракета чабуулунан коргонуучу жабдыктары жарандык учак менен чыныгы ракетаны айрып тааный албайт. Ага карабай Ирандын бийлиги АКШнын аскер базаларына ракета менен чабуул койгондон кийин да өлкөнүн аба жолдорун ачык бойдон калтырган. Башкача айтканда жарандык учактардын учуп-конушун токтоткон эмес.

Иран өкмөтү «Украинанын «Боинг 737» учагы абага көтөрүлгөн соң аскердик база тарапка карай бурулганы да шектүү болгон» деп билдирүү тараткан. «Flightradar24» сайтындагы ачык булакта украин учагы кадимки багыты менен гана баратканын көрсөтүп турат.

Иран дүйнөлүк коомчулукта кыйла тоталитардык режимди карманган өлкө катары таанылган. Ага карабай Иран бийлиги жарандык учакты армиясы атып алганын мойнуна алып, эл аралык эксперттерди кырсык болгон аймакка киргизди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG