Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:31

Дача СУ: авиакырсыктын ачылбаган сыры


2017-жылы 16-январда таңга жуук түркиялык "Боинг-747-400" жүк ташуучу учагы Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулаган.
2017-жылы 16-январда таңга жуук түркиялык "Боинг-747-400" жүк ташуучу учагы Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулаган.

16-январда Сокулук районунун Дача СУ айылындагы авиакырсыкка үч жыл болду.

16-январда Сокулук районунун Дача СУ айылындагы авиакырсыкка үч жыл болду.

2017-жылы 16-январда таңга жуук түркиялык жүк ташуучу "Боинг" учагы Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулап, 39 кишинин өмүрүн алган. Коомчулукта учак кырсыгы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда толук иликтенбей калган деген пикирлер айтылып келет.

Учак кырсыгынын үч жылдыгына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков апаатта жакындарын жоготкон балдар менен жолукту.

Сооронбай Жээнбеков Дача СУда жакындарын жоготкондор менен жолукту. 16-январь, 2020-жыл.
Сооронбай Жээнбеков Дача СУда жакындарын жоготкондор менен жолукту. 16-январь, 2020-жыл.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан алардын ар кандай социалдык-тиричилик маселелерин чечүүгө дайыма көңүл буруларын билдирди.

2017-жылы 16-январда "Гонконг–Бишкек-Стамбул" багытында баратып, «Манас» аба бекетинин жанындагы Дача СУ конушуна таңга маал кулаган учак 39 кишинин, анын ичинде балдардын өмүрүн алган.

Набыт болгондордун 35и жергиликтүү тургун, төртөө экипаж мүчөсү болгон. Мындан тышкары ондогон турак жай кыйраган.

Окуяны үч жыл мурда өкмөттүк мекемелер да, депутаттык комиссия да иликтеген. Ага карабастан коомчулукта кырсыктын себеби, андагы жүктүн ээси, адамдарды куткаруу учурундагы аракеттер боюнча күмөндүү суроолор жоопсуз бойдон калып келет.

Учактагы жүктүн арасынан кыргыз тилиндеги нускамалардын табылганы да көптөгөн суроолорду жараткан. Учакта 85 тоннадан ашык жүк болгону расмий айтылган.

Кырсыкта набыт болгондорду эскерип, куран окутканы келген жаран күнөөлүүлөр аныкталбаганына кейиди. Ал «Азаттыкка» маек берип, бирок атын атагысы келген жок.

- Мен ушул окуяны көргөн кишимин, бийликтер ошонун (жүктүн) ээсин таппагандарына жүрөгүм ооруйт. Муну табыш үчун кошумча мээнин, кошумча дипломдун кереги деле жок. Ал (күнөөлүү) адамдар тирүү. Мына 40 адам өлдү. Бул келечек муун үчүн сабак болушу керек. Мындай окуяны жашырбай, ээсин (жүктүн) табыш керек. Жакында Иран бир учакты атып салганын мойнуна алып, ошолордун жазасын катуу беребиз деп жатат. Бизде болсо жашырып коюшат. Бул жерде 40 адам өлүп жатса, Атамбаев басып да келбей койгон.

2017-жылы учак кырсыгынан кийин Транспорт прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин («Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу») 3-бөлүгү боюнча иш козгоп, кийин ал токтотулган.

Былтыр апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутат Бактыбек Райымкуловдун суроосуна жооп берип жатып, иш кайра жандандырылып, тергеле баштаганын парламентте кабарлаган.

- 2019-жылдын 14-январында ИИМдин токтому жокко чыгарылып, сотко чейинки өндүрүш иши болуп жатат. «Боинг-747» учагы Гонконг-Стамбул боюнча багыт алып, «Манас» эл аралык аэропортунан май куюу максатында кайрылып келген. Кырсык ошондо болуп жатат. Бүгүнкү күндө иш жандандырылып, ИИМ тергөө иштерин жүргүзүп жатат, - деген Жамшитов.

Дача СУ конушуна кулаган учактан уюк телефондорду алып алышкан деп, былтыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине да кылмыш иши козголгон.

Бирок укук коргоо органдары 39 адамдын өмүрүн алган кырсыкты иликтөө кандай жүрүп жатканы тууралуу андан бери маалымат тарата элек.

Дача СУнун бүгүнкү абалы.

Дача СУда калгандардын үмүтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00

Башкы прокуратура тергөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатканын, анын ичинде сотко өткөн эпизоддор бар экенин айтып, кенен маалыматты ИИМ бере турганын маалымдады.

Ал эми Ички иштер министрлиги бул иштер тууралуу «Азаттыктын» суроолоруна жооп бере элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов бул кырсыктын тегерегиндеги күмөндүү суроолорго чекит коюлушу керек деп эсептейт.

- Дача СУнун иши толук аягына чыга элек. Тергөө иштери бүтө элекпи, мен ал жагын билбейт экем. Бирок бул аягына чыгышы зарыл. Учурунда күч менен эле жаап коюшкан да.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саясий каршылаштары жүк аткезчилик менен ташылып келаткан деп эсептешип, анын териштирилбей калышын ошол кездеги бийликтин кызыкчылыгына байлап жүрүшөт.

Жарандык активист Адил Турдукулов учак кырсыгын иликтөөгө азыркы бийликтин жетиштүү убактысы болгонуна карабастан, ага чекит коюла электигине токтолду.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Ошол кезде бизде да учак, анын ичиндеги жүк Атамбаевге тиешелүүбү деген күмөн саноолор болгон. Атамбаев бийликтен кетип, азыркы президент жана бийлик менен чатакташып кетти. Атамбаевдин бул жүккө жана учакка тиешеси болсо, азыркы бийлик сөзсүз түрдө ошол компроматты чыгарууга жана далилдүү фактыларды элге көрсөтүүгө өзү кызыкдар болушу керек эле. Бирок андай кылбаганынын себеби, Атамбаевдин ал жүккө тиешеси жок экендигин тастыктайт. Экинчиден, бийлик эмне үчүн бул жүктүн артында ким турганын айтпай жатат. Бул бажы тармагындагы аткезчиликти тейлеген адамдар азыркы бийлик менен чырмалышып, схемаларды азыр да улантып келе жатканынын белгиси. Мен ушундай деп эсептейм.

Дача СУ кырсыгында жабыркагандарга жардам берүү максатында ачылган атайын эсепке элден да 100 млн. сомдон ашуун акча чогулганы расмий кабарланып, бирок ал кандай тартипте бөлүштүрүлгөнү тууралуу ачык маалымат берилген эмес.

Дача СУ конушундагы кайгылуу окуянын бир жылдыгында кырсыкта каза тапкандардын урматына эстелик ачылган.

Авиакырсыктын эки жылдыгында тартылган видео. 15-январь, 2019-жыл

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG