Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:45

Cloud, Cloud Computing деген эмне?


Айдана Өмүрбаева, программист.
Айдана Өмүрбаева, программист.

«Cloud» кыргызча «Булут» деп которулат.

Акыркы учурда мага «Cloud, Cloud Computing, Cloud Services деген эмне?» деп суроо бергендер көп. Албетте, санарип доорунда ар бир Интернет колдонуучу бул терминдерди укпай койбосо керек. Төмөнкү маалыматтарды окуп, билип алуу өз жемишин берет деп ишенем.

Жөнөкөй тил менен айтканда, Cloud (Булут) - бул көзгө көрүнбөгөн, колго кармалбаган булут сыяктуу, компьютер, диск, USB флешка сыяктуу файл жана ар кандай маалымат сактачу жай.

Cloud аркылуу сакталган тиркеме же сүрөт колдонуучунун телефон же компьютеринде эмес, Интернетке уланган серверлерде болот. Аларга ар ким өзүнүн Cloud аккаунтунан Интернет аркылуу кире алат. Вебсайт, тиркеме сыяктуу сиз Интернеттен окуп жаткан маалыматтардын басымдуу бөлүгү Cloud кызматында сакталат жана Cloud Services аркылуу окурмандарга жетүүдө.

Cloud Computing - бул IT ресурстарын Интернет желеси аркылуу кардарларга/колдонуучуларга жеткирүү. Маалыматтар физикалык же виртуалдык серверлерде сакталат жана алар Cloud Computing кызмат көрсөтүүчүсү тарабынан тейленип, башкарылат.

Cloud Computing өзүнө толгон-токой технологияларды жана кызматтарды камтыйт. Тейлөөчүлөр Cloud Computing колдонууда суроо-талапка жараша же болбосо «pay-as-you-go» төлөмүн сунуш кылышат.

IT инфратүзүм курууну көздөгөн компаниялар өздөрүнө физикалык дата борборлорду (Physical Data Centers), серверлерди куруп же сатып алуу ордуна Cloud Computing сунуш кылган computing power, storage жана database сыяктуу технология кызматтарын Интернет аркылуу колдоно алышат.

Учурда атактуу Cloud Computing Provider болуп AWS, Microsoft Azure, Google Cloud, IBM Cloud, Oracle Cloud, iCloud ж.б. эсептелет. Cloud платформаларда жеке же бизнес аккаунт ачса болот жана Cloud аркылуу сактаган маалыматтарга же ресурстарга Интернет аркылуу гана кирүүгө мүмкүн.

Cloud Computing түзүмүнүн кандай түрлөрү бар?

Учурда Cloud Computing түзүмүнүн негизги үч чоң кызматы бар.

  • Software as a Service (SaaS) мисалы – Microsoft 365,
  • Platform as a Service (PaaS) мисалы – salesforce.com,
  • Infrastructure as a Service (IaaS) мисалы – Rackspace.

Cloud Computing түзүмүнүн ыңгайлуулугу эмнеде?

Cloud аркылуу колдонуучулар түрдүү технологияларга «access» алат. Аны менен бирге ойго келбеген нерселерди курууга жана инновацияны тездетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Cloud сизге керектүү ресурстарды дароо кошо калганга өтө ыңгайлуу. Алар Computing, storage жана database сыяктуу жөнөкөй кызматтардан тартып Machine Learning, Internet of Things (IoT), Data Lakes, Analytics ж.б. толтура кызматтарды өзүнө камтыйт.

Идеяларыңызды ишке ашырууда керектүү технология кызматтарын бир нече мүнөттөрдө эле кошо аласыз. Бул бизнесте жаңы эксперименттерди сынап көрүү жана кардарлардын пикирлерин талдоо мүмкүнчүлүгүн түзүп, бизнести кийинки деңгээлге чыгарууга негиз боло алат десем болот.

Cloud Computing түзүмүнүн дагы бир артыкчылыгы - бул кардардын суроо-талабына жараша кызматтардын өйдө-ылдый чоюлгандыгы. Ал функциянын жардамы менен бизнестин келечектеги белгилүү мөөнөттө болчу онлайн жигердүүлүгүн тейлөө жөнүндө ойлонууга негиз жок.

Веб-сайтка колдонуучулар көп кирип, серверлер көтөрө албай жабылып калыптыр деген жагдай болбошуна толук кепилдик берет. Алдын-ала кыйчалыш учурда керек болчу ресурстарды тандап койсоңуз эле серверлер бизнестин агымына карап өйдө-ылдый чоюлуп турат.

Cloud Computing түзүмүн кимдер колдонот?

Cloud түрдүү индустрия жана ар кандай көлөмдөгү компаниялар тарабынан колдонулат. Алар email, disaster recovery, data backup, virtual desktops, software development жана testing, big data analytics жана customer-facing web applications сыяктуу түрдүү багыттарда колдонушат.

Саламаттык Сактоо компаниялары Cloud түзүмүн бейтаптарын «жекече мамиле» менен дарылоо ыкмаларын иштеп чыгууга кеңири колдонуп келишет. Финансылык кызмат көрсөткөн компаниялар аны онлайн мыйзам бузуунун алдын алууга (Live Fraud Detection) жана аны токтотууга колдонуп келишет. Ал эми видео оюндарын жасагандар болсо Cloud Computing түзүмүн өздөрүнүн онлайн оюндарын дүйнө жүзүндөгү миллиондогон оюнчуларга жеткириш үчүн колдонушат.

Жумуштагы популярдуу Cloud Computing кызматтары

Өзүңүздөр күбө болуп жаткандай акыркы жылдары маалымат сактоо жана ага жеткилик алуу ыкмасында аябагандай чоң эволюция болду.

Ага NoSQL дата базасынын өнүгүшү жакшы мисал боло алат. Азыркы учурда жумушта документтерди бир компьютерге же флешкага сактабай Cloud менен сакташат. Себеби, Cloud аркылуу сакталган файл ж.б. маалыматтарга дүйнөнүн Интернетке кошулган бардык жеринен каалаган убакта кирип колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. Анын баары Cloud технологиясынын жардамы менен ишке ашырылат. Бирок ошол эле учурда Cloud Storage маркетинин чоңдугу тандооңузду татаалдатпай койбойт.

Cloud Storage кантип иштейт?

Азыркы учурда маркетте түрдүү компаниялар бар жана алардын көпчүлүгү акысыз (чектелүү өлчөмдө) Cloud storage сунуш кылышат.

Cloud Storage Интернет аркылуу иштейт. Ал колдонуучулардын кошулушун камсыз кылат жана каалаган жерге файл же маалымат жүктөп алууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, файлды же маалыматты лептоп, таблет же смартфон ж.б. жүктөп алууга болот. Андан сырткары Cloud Storage колдонуучулары башкалар менен бир убакта документтерди оңдой алат. Ал функция кеңседен сырткары иштөөнү алда канча жеңилдетет десем болот.

Тандаган кызматка жараша Cloud Storage баасы ар кандай. Жеке колдонуучу катары көпчүлүк компаниялардан чектелүү өлчөмдөгү Cloud Storage акысыз колдонууга болот.

Мисалы, Apple iCloud 5GBка чейин акысыз берет. Жүктөлгөн маалыматыңыз 5GBтан ашкан соң акча төлөй баштайсыз. Негизинен Cloud Storage төлөмдөрү кызматтарга жараша айлык же жылдык моделинде болот.

Cloud Computing технологиясынын кандай коркунучтары бар?

Чоң компанияларга жүздөгөн санариптик «storage device» керек. Алар кардарлардын маалыматын сакташ үчүн Cloud Computing системаларында аз дегенде суроо-талаптан эки эсе көп сандагы «storage device» болушу зарыл.

Керектелүүдөн сырткаркы «storage device» техникалык мүчүлүштүктөргө даярдык болуп саналат. Андан сырткары Cloud системасы кардарлардын маалыматынын көчүрмөсүн башка жерде да сактайт. Мындай маалыматтын көчүрмөсүн башка жерде сактоо практикасы «redundancy» деп аталат.

Cloud Service тейлөөчүлөр мынча көп маалыматты кантип сакташат?

Физикалык серверди «бул жерде өз алдынча операциялык системада иштеп жаткан бир канча кызмат бар» деп алдап же ишендирип койсо болот. Бул ыкма физикалык серверге болгон талапты азайтат жана ал виртуализация деп аталат. Бул ыкма серверлердин кубаттуулугун мүмкүн болушунча арттырат. Ошондо жөнөкөй серверлерди виртуалдаштыруу жолу менен алардын көлөмүн чоңойтсо болот.

Айдана Өмүрбаева, @kg_usa

DevOps Engineer, Relativity LLC, USA

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG