Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Күйөө баласын байыткан Рахмон


Тажик президенти Эмомали Рахмондун "Зумрад" курортуна барган кези.
Тажик президенти Эмомали Рахмондун "Зумрад" курортуна барган кези.

(OCCRP) кыргызча «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» тажик президентинин туугандарынын коррупциялык иштери тууралуу жаңы иликтөөсүн жарыялады.

Тажик президенти Рахмондун кол алдындагы жетекчилерди маал-маалы менен чогултуп, кантип иштөө керектиги тууралуу акыл үйрөтүп, тилдеп турган адаты бар. Ал дайыма өлкөдө коррупциянын тамыр жайышына принциби жок чиновниктер айыптуу экенин белгилеп келет.

- Аткезчиликке көз жумган, коррупциялашкан уятсыз чиновниктердин айынан өлкө казынасында улам эле тартыштык жаралууда. Бюджетти кантип толтурабыз, кайда карап отурабыз? Жүздөгөн миллиондор, миллиарддар казынага түшпөй жатат, - деп каңырыгы түтөп сүйлөйт.

Бирок Тажикстанды 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Рахмон өлкөдө өзү баштаган аткезчиликке каршы күрөштөн туугандарын коргоп келет. Маселен, 2019-жылдын март айында өз буйругу менен үч ири компанияны бажы жана кошумча нарк салыгынан бошоткон.

Салыктан бошотулган үч компаниянын экөө күйөө баласына таандык. Ал компаниялар Тажикстанга курулуш каражаттарын дүңү менен сырттан ташып келип сатат.

Өткөн жылы «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» OCCRP Рахмондун жети кызынын биринин күйөөсү Шамсулло Сахибов башкарып келе жаткан «Фароз» фирмасы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Президент тарабынан салыктан бошотулган компаниялар да мына ошол эле Сахибовдун үй-бүлөлүк кланына таандык болуп чыкты.

Тажикстанда бүтүндөй Борбор Азияга таанымал "Зумрад" курорту жайгашкан. Анда бир эле учурда 500 адамды тейлесе болот. Курортто эс алуу үчүн суткасына 11ден 25 долларга чейин төлөө керек. Мына ушул курорт 2015-жылы 1.1 миллион долларга бааланган.

Ошол эле жылы аны «Сомон-Сугд» фирмасы 950 миң долларга сатып алган. 91 миң долларга курорттун айланасындагы 600 гектар жер аянтын да алышкан. Мына ошол «Сомон-Сугд» фирмасы президент Рахмондун күйөө баласы Шамсулло Сахибовдин иниси Нарзулло Сахибовго таандык болуп чыкты.

Тажикстандагы дагы бир чоң курорт - "Шамбари" миң адамды тейлеген кудретке ээ. Аны «Рухафзо-2015» фирмасы сатып алган. Фирманын кожоюндарынын бири Зайнулло Сахибов болуп чыкты. Зайнулло президент Рахмондун күйөө баласы Шамсулло Сахибовдун иниси.

Ушинтип тажик экономикасынын бардык тармагында президенттин күйөө балдары отурат. Мисалы, күйөө бала Шамсулло Сахибовдун «Фароз» компаниясы 2015-жылы Тажикстандагы жалгыз тоо лыжа курортун чоң жеңилдик менен алды. Бир жылдан соң анын ачылышына барган президент «бизнесмен-патриотту» мактап, ага ыраазычылык билдирди.

2016-жылдан тарта «Фароз» компаниясы өлкөдөгү авто мектептерди колго алган. Өз бетинче иштеп жаткан авто мектептердин үчтөн экисин жаптырып, өзүнө караткан. Жабылбай калган авто мектептерди «Фароздун» гана аянттарын пайдаланууга милдеттендирген.

Ошентип, өлкөдөгү эң ири эки курорт, жалгыз тоо лыжа комплекси, авто мектептер, курулуш каражаттарын ташып келип сатуу, дары чөптөрдү кайра иштетүү, дары-дармек сыяктуу эң кирешелүү тармактар президенттин үй-бүлөсүнүн карамагында турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG