Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

УКМК "Йакын Инкардын" мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү болгонун билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Ош облусунда Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөсү делген жарандардын үйлөрүндө түнтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 13-майда кабарлады. Маалыматка караганда, тинтүү жети турак жайда жүргүзүлгөн. Анын алкагында 126 материал табылып, анын ичинен 95 китеп, 12 дептер, 18 журнал , 1 күндөлүк, 1 уюлдук телефон алынган. Алардын айрымдары “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымына таандык экени айтылды.

Алынган буюм-тайымдар экспертизага жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча аталган кыймылдын активдүү мүчөлөрүнө карата Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык укуктук чаралар көрүлөрү белгиленген.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө кыймылдын мүчөлөрүнүн бири аталган уюмга мүчөлүктөн өз ыктыяры менен баш тартып, салттуу исламды карманууга убада берген.

“Йакын инкар” диний агымы – “Таблиги жамаат” уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн “пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз” деп эсептешет. Бул диний агым Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик деп табылган.

Мындан тышкары сот тарабынан 2003-жылдан бери баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары тыюу салынган. Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшул-Махди”, “Ансарул-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG