Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:17

Шайлообек Атазов парламентке басым күчөгөнүн айтты


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов “парламентке басым-кысым күчөгөнүн” билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видео кайрылуусунда айтты. Шайлообек Атазов Жогорку Кеңеште 13-марттагы акыркы кайрылуусунан кийин эле алты депутат мандатынан ажыратылганын, бул мыйзам чыгаруу бийлигинин ишине терс таасирин тийгизе турганын кошумчалады.

“Адахан Кимсанбаевичтин да мандатын алышты. Тайманбаган Адахан Мадумаровдун мандатын алгандан кийин VII чакырылыштагы башка жаш депутаттардын мандатын алып коюу жөнөкөй эле ишке айланды. Дегеле Кыргызстанда VII чакырылыштын депутаттарына болгондой кысым тарыхта боло элек”, - деди ал.

Бишкектин административдик соту 1-мартта №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келген Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарып, мандатты Абдурахман Муртазалиевге берүүнү чечкен. Бир айдан кийин Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Шайлообек Атазов Жогорку сотко кассациялык арыз берди. Ал коомчулукта камакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду ачык колдогон адам катары таанымал.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы ишин баштаган 2021-жылдан бери 20га жакын депутат ар кандай жагдайда мандатынан ажыратылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-апрелде Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG