Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:05

Бишкекте катуу шамал имараттардын чатырын учуруп, бак-дарактар кулады


Бишкекте болгон шамалдын кесепети.
Бишкекте болгон шамалдын кесепети.

28-мартта катуу шамал Бишкекте бир нече имараттын чатырын учуруп, бак-дарактар кулап автоунааларды басып калды. Катуу шамалдын кесепети тартылган сүрөт-видеолорду социалдык тармактын колдонуучулары жарыялап жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Кыргызгидромет борборуна шилтеме берип, Чүй облусунун Токмок шаарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткенин билдирди.

Министрлик мунун алдында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө секундасына 17-22 метрге жеткен катуу шамал болорун эскертип, элди коопсуз жайларда болууга чакырган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG