Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:01

Журналисттердин иши: Үч кишинин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калды


Азамат Ишенбеков, Тыныстан Асыпбек, Максат Тажибек уулу жана Жоодар Бузумов.
Азамат Ишенбеков, Тыныстан Асыпбек, Максат Тажибек уулу жана Жоодар Бузумов.

"Массалык башаламандыктарга чакырууга" шек саналып кармалган «Темиров LIVE» медиасынын учурдагы жана мурдагы журналисттеринин бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунда карала баштады. 27-мартта жараяндын биринчи күнүндө сот үч журналистти камакта калтырды.

Бишкек шаардык сотунда алгач «Темиров LIVE» редакциясынын кызматкери Максат Тажибек уулунун бөгөт чарасы каралды.

Жактоочулары ал мурун соттолбогондугун, туруктуу жашаган жери бар экенин, тергөөгө тоскоолдук көрсөтпөй тургандыгын жүйө келтиришип, бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүүнү өтүнүштү.

Жаныш Бараков
Жаныш Бараков

«Максат Тажибек уулу мурун соттолгон эмес. Кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Менин жактоомдо турган Максаттын бир да жерде жазган тексти жок. Эмнеге биз дайыма бөгөт чаранын камак түрүн алабыз? Бул, менимче, басым көрсөтүү механизми», - деди адвокат Жаныш Бараков.

Келтирилген жүйөлөргө карабай Бишкек шаардык сотунун судьялары Биринчи Май райондук сотунун Максат Тажибек уулун 13-майга чейин камакта кармоо чечимин күчүндө калтырды.

«Темиров LIVE» редакциясында иштебей калса дагы, медианын кызматкерлери менен кошо камалган Тыныстан Асыпбеков сотто тергелип жаткан ишке тиешеси жок экенин, тергөөчүлөр аны эске албай жатканын айтты:

«Кылмыш ишиндеги экспертиза мен жумуштан кеткенден кийинки видеолорго тиешелүү болгон. Ошондуктан ишти туура жагынан карап, үй камагына чыгарып берсеңиздер», - деди Тыныстан Асыпбек.

Анын адвокаты Жаныш Бараков Тыныстан Асыпбек 2022-жылдын 9-сентябрынан бери башка жакта иштеп жатканын кайталады.

Биринчи Май райондук сотунун Асыпбекти дагы эки айда камакта калтырган чечимин Бишкек шаардык соту өзгөрткөн жок. Дал ушундай чечим “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековго карата дагы чыгарылды.

«Тергөө иштери, соттук процесстер кандай болуп жатканы баарына эле белгилүү болуп жатат. Негизи мындай кысымдар болбош керек эле. Бул кетиште 7 миллион кыргыздын 5 миллиону зек болуп калат. А биздин эркин мамлекетке мунун кереги жок болчу», - деди Азамат Ишенбеков.

Бөгөт чарасы карала турган дагы бир журналист, “Нур пресс” медиасынын кызматкери Жоодар Бузумовдун жактоочусу келбей калып, соттук процесс 1-апрелге жылды.

12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту камакта отурган 11 журналисттин үчөөнү үй камагына чыгарган. Тактап айтканда, аталган медианын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тил каты менен абактан чыккан. Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.
Калган тогуз киши 13-майга чейин камакта калтырган.

Медианын кызматкери, Кыргызстандан күчтөп чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун аялы Махабат Тажибек кызы, кабарчы Айке Бейшекеева, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиев, журналист Актилек Капаровдун бөгөт чаралары шаардык сотто 29-мартта жана 1-апрелде каралмай болду.

16-январда таң эрте он бир кызматкердин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган делген материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып келишет.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Президент Садыр Жапаров 7-февралда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айтып, адам укугу сакталып турат деп ишендиргенге аракет кылган. Ошол эле маалда укук коргоо органдарында, сот системасы кемчиликтерден арыла электигин мойнуна алган.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың. Ага эл жол бербейт. Кыргызстандын эли - илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл. Мындан ары да сөз эркиндиги менен жашай берет. Сөз эркиндиги жок дегендер – “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн “лжемекенчилдер”. Биз өлкөгө бүлүк салгысы келген андай арам ойлууларга жол бербейбиз. “Сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып биздин менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзүп, элди бузуп жатышат. Адам укугу да толук сакталууда. Албетте, 100% жипке тизгендейбиз деп айткандан алысмын. Айрым учурларда кемчиликтер болуп жатат", - деген Жапаров.

7-мартта президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан. Ал жолугушууда камактагы 11 журналистти үй камагына чыгаруу маселеси да көтөрүлгөн. Бул кездешүүдөн кийин камактагы журналисттер эркиндикке чыгат деген үмүттөр айтылып жаткан.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG