Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:41

АКШ Орусияга каршы жаңы 500дөй санкция салды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

23-февралда АКШ президенти Жо Байден Орусияга каршы санкциялардын жаңы айлампасы киргизилгенин жарыялады. 500дөй жаңы чектөө Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальныйдын өлүмү, Украинадагы согушка байланыштуу кабыл алынды.

“Бул санкциялар Навальныйдын түрмөгө камалышына байланышы бар адамдарга, Орусиянын каржы тармагына, коргонуу өндүрүш базасына, бир катар континенттерде санкцияны буйтап өтүүгө жардам берген адамдарга жана тармактарга каршы киргизилет”, - деп жазылат Ак үй тараткан Байдендин билдирүүсүндө.

Ал ошондой эле бул санкциялар “Путин өзүнүн чет жактагы агрессиясы жана өлкө ичиндеги куугунтуктоолору үчүн жогору баа төлөй турганына” кепилдик берерин кошумчалады.

Маалыматка караганда, Вашингтон Орусияга буга чейинки санкцияларды айланып өтүүгө жана “көшөгө артында орус аскердик машинасын камсыздоого” жардам берип жаткан 100дөй компанияга экспорттук чектөөлөрдү киргизди.

Байден Украинага кол салуу менен Путин “өтө жаңылышканын” белгилеген. АКШ президенти Өкүлдөр Палатасын Украинага бөлүнө турган кошумча жардамды жактырууга чакырды.

Украина ишенген бараандуу өнөктөшү АКШда - Конгресстеги тирештен улам Киевге берилчү 60 миллиард доллардын башы ачылбай турат.

Президент Байден бир нече жолу Конгресске кайрылып, Украинага каржылык колдоо өтө зарыл экенин белгилеген.

23-февралда Евробиримдик дагы Украинадагы согуштун эки жылдыгын утурлай Орусияга каршы санкциялардын 13-айлампасын жарыялады.

2022-жылдын 24-февралында Орусияга Украинага каршы кеңири масштабдуу согуш ачкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG