Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:48

Токаев Орусиядагы шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санабасын айтты


Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин. Казан шаары, 21-февраль 2024-жыл
Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин. Казан шаары, 21-февраль 2024-жыл

21-февралда Казакстан президентинин администрациясы Касым-Жомарт Токаев Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен Татарстандын борборунда жолугушканын кабарлады. Кездешүү Орусияда эмки айда өтүүчү президенттик шайлоо алдында өттү.

"Баарыбыз Орусияда 17-мартта боло турган президенттик шайлоону күтүп жатабыз. Албетте жыйынтыгы кандай болорунан шек жок”, - деп айтты казак президенти.

Токаевдин айтымында, Орусия Путиндин жетекчилиги астында "сезилерлик ийгиликтерге жетишүүдө". Орус лидери өз билдирүүлөрү жана аракеттери менен “дүйнөлүк күн тартибин калыптандырат”. Казак президентинин пикиринде, орус экономикасы "өтө оор шарттарга карабай" "чоң ийгиликтерге" жетти.

Токаев Казан шаарында "Келечектин оюндары" деген эл аралык спорт мелдешинин ачылышына катышкан. Андан тышкары татар баш калаасына Беларус, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Серб жумуриятынын президенттери барганын Кремль кабарлаган.

Акордонун маалыматында, Токаев эмки оюндарды Казакстанда өткөрүүнү сунуш кылды.

Казанда Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да өзүнчө жолукту.

Бул жолугушуулар дүйнө лидерлери Кремлди оппозиционер Алексей Навалныйдын абакта табышмактуу өлүмү үчүн күнөөлөп, Батыш Москвага коушмча санкция салган маалда өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG