Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:05

Еврошаркет Орусияга каршы санкциялардын 13-топтомун макулдашты


Еврошаркеттин өкүлдөрү Орусияга каршы санкциялардын 13-пакетин макулдашты. Аны орус аскерлеринин Украина аймагына басып кирүүсүнүн эки жылдыгын утурлай бекитүү пландалууда.

Жаңы санкциялык тизмеге 200гө жакын юридикалык жана жеке жактар киргизилет. Бирок 13-топтомго тармактык чаралар камтылбай турганы белгиленген. Жаңы тизме Орусияга каршы кабыл алынган чектөөлөрдүн эң чоңу болуп калмакчы.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен санкциялардын жаңы топтому Орусиянын пилотсуз учактар менен камсыз болуусун чектээрин, Евробиримдик “Путиндин согуш машинасын” алсыратууну уланта бериши керектигин айтты.

Буга чейин Еврошаркет Орусия менен сооданы жана орус саясий элитасынын ишмердигин чектеген санкциялардын 12 пакетин киргизген. Биримдик "санкциялар орус армиясын жана аны камсыздагандарды согуш жүргүзүү үчүн керектүү товарлар менен жабдуулардан ажыратат" деп эсептейт.

2022-жылы февралда Москва Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштаганда Еврошаркет жооп иретинде санкция салган. Орусия Украинанын Донецк, Херсон, Луганск жана Запорожье аймактарын аннексиялаганын жарыялагандан кийин, ал чаралар кеңейтилген.

Бир күн мурун Еврошаркет санкцияларды 2025-жылдын 24-февралына чейин узарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG