Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

БУУ Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрдүн жыйынын өткөрүүдө


БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш.
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Катардын борбору Доха шаарында бүгүн 19-февралда бир катар өлкөлөрдүн Ооганстан маселеси боюнча атайын өкүлдөрүнүн эки күндүк жыйынын баштады.

Жыйырмадан ашуун өлкөнүн өкүлү катышып жаткан жолугушуунун максаты – Ооганстандагы кырдаалды, эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин бул маселе боюнча кызматташтыгын талкуулоо.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш айрым катышуучулар менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү да жүргүзүүдө.

Ооганстандагы бийликти ээлеп турган «Талибан» кыймылы бул иш-чарага катышуудан «талаптары аткарылбаганын» жүйө келтирип баш тарткан. Талибдер аларды Ооганстандын жалгыз расмий өкүлү деп таанууну талап кылууда.

Жыйынга ооган аялдарынын жана жарандык коомунун өкүлдөрү да катышып жатышат.

Декабрь айында БУУнун Коопсуздук кеңеши резолюция кабыл алып, БУУнун Башкы катчысынан Ооганстан боюнча атайын чабарман дайындоону өтүнгөн.

Талибдер андай чабарман дайындоонун зарылчылыгы жоктугун, себеби Кабулда БУУнун дипломатиялык миссиясы бар экенин билдирген.

Жакында БУУнун атайын координатору Феридун Синирлиоглу эгер талибдер Ооганстандын эл аралык милдеттенмелерин аткарса, бул өлкөнү эл аралык экономикалык жана саясий системага реинтеграциялоонун «жол картасын» иштеп чыкса болорун сунуш кылган.

2021-жылдын 15-августунда "Талибан" Кабулда бийликти кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен.

Талибдер «инклюзивдик өкмөт» түзүү, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген.

14-февралда Бишкекте Европа Биримдигинин жана Борбор Азия мамлекеттеринин Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жана чабармандарынын кезектеги, бешинчи жолугушуусу өткөн. Ага БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева да катышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG