Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:03

Украина: АКШнын экс-элчисин аңдуу боюнча кылмыш иштери козголду


Мари Йованович АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп да иштеген.
Мари Йованович АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп да иштеген.

Украинанын Ички иштер министрлиги Киевде АКШнын мурдагы элчиси Мари Йованичтин артынан сая түшүп аңдуу фактысы боюнча эки кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.

Мари Йованич былтыр май айында мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен жана буга байланыштуу Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын жеке адвокаты Рудольф Жулианинин аты аталган.

Федералдык прокурорлор Жулианиге байланыштуу иликтөө баштаган жана анда адвокаттын Йовановичтин иштен кетишине тиешеси бар-жогу такталарын айтышкан. Анда Жулиани элчи айымдын таасирин азайтууга аракет кылганы айтылган. Бирок адвокат мындай айыптоону четке каккан.

Мари Йованович Өкүлдөр Палатасында президентке импичмент жарыялоо жараянынын алкагында көрсөтмө берген.

XS
SM
MD
LG