Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:28

Мамдума өкмөт башчылыкка Мишустиндин талапкерлигин жактырды


Михаил Мишустин.
Михаил Мишустин.

Орусияда Мамлекеттик Дума президент Владимир Путин премьер-министрлик кызматка сунуштаган Михаил Мишустиндин талапкерлигин колдоду. Анда Коммунисттер партиясынын фракциясы гана добуш берүүдөн карманды, калгандарынын баары макул болду.

Михаил Мишустин депутаттардын алдында сүйлөп жатып, улуттук долбоорлорду ишке ашырууга, Путиндин май айындагы буйруктарын ишке ашырууга убада берди. Ал жаңы өкмөттүн куралышы тууралуу маалымат берген жок.


Владимир Путин 15-январда өкмөттү жетектөөгө Федералдык салык кызматынын төрагасы Михаил Мишустиндин талапкерлигин көрсөткөн. Анын алдында Федерация кеңешинде кезектеги кайрылуу менен чыккан жана премьер-министр Дмитрий Медведевди кабыл алган. Анда Медведев Путиндин Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуштарына байланыштуу орус өкмөтү кызматтан кетерин жарыялаган. Медведев өкмөттүн кызматтан кетишин президентке керектүү чечимдерди кабыл алууга толук мүмкүнчүлүк түзүп берүү максаты менен түшүндүргөн.

53 жаштагы Михаил Мишустин Федералдык салык кызматын 2010-жылдан бери жетектеп келген.

XS
SM
MD
LG