Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:53

Айрым жол эрежесин бузгандарга айыппул төмөндөтүлдү


Чүй проспектиси - Жаш Гвардия бульвары көчөлөрүнүн кесилиши.
Чүй проспектиси - Жаш Гвардия бульвары көчөлөрүнүн кесилиши.

Тартип бузуу жөнүндө кодекске жана Жоруктар боюнча кодекске өзгөртүү киргизилип, бир катар жол эрежесин бузгандарга айыппул арзандады жана жасалма номер таккандардын жазасы күчөтүлдү. Тишелелүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 16-январда кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык:

- жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар;

- жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын бузгандар (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүү же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузууну кошпогондо);

- токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузгандар;

- машинелердин ортосундагы коопсуз аралыкты сактабагандар;

- жол чыракты карабай айдагандар;

- каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузгандар;

- тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузгандар 3000 эмес, 1000 сом айып төлөйт.

Ошону менен бирге машинесине жасалма номур тагып жүргөндөргө буга чейинкидей 10 миң сом эмес, 20 миңден 30 миңге чейин айыппул салынат.

Бул мыйзам өкмөт тарабынан сунушталып, аны Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 11-декабрында кабыл алган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Былтыр 1-январдан тартып Тартип бузуу жөнүндө кодекс жана Жоруктар боюнча кодекс күчүнө кирип, жол эрежесин бузгандарга айыппул көбөйтүлгөн. Бул чаралар боюнча нааразы болгон жарандар акцияга чыгышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG