Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:33

Таластан табылган ак илбирстин эки көзү тең көрүп жатат


Таластан кармалган ак илбирс.
Таластан кармалган ак илбирс.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги «Таласта кармалып Бишкекке жеткирилген ак илбирстин бир көзү агып калды» деген маалымат тастыкталбаганын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы 16-январда тараткан маалыматта илбирстин эки көзү тең соо экени, бирок начар көрүп жатканы айтылат. Ветеринарлар дарылоодон кийин анын көрүшү жакшырат деп үмүт артышууда.

10-январда Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ветеринардык клиникасында ак илбирске операция жасалып, анын башына тийген 70тен ашык бытыранын 18 калдыгы алынган. Анын абалы жакшыргандан кийин экинчи операция жасалат.

Илбирс учурда эт, майда сөөктөрдү жеп калды. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги аны дарылоого акча топтош үчүн банк эсебин ачты.

Ак илбирсти аткандарды агенттиктин кызматкерлери күч органдары менен чогуу издеп жатышат. Сейрек кездешкен жаныбар Таластагы Көк-Ой айылынан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, кийин Бишкекке жеткирилген.

Ак илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган. (BTo)

XS
SM
MD
LG