Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:05

Разаков: чек арадагы окуялар Тажикстан менен сүйлөшүүнү татаалдатууда


Баткен шаарында өткөн координациялык кеңешме. 16-январь, 2020-жыл.
Баткен шаарында өткөн координациялык кеңешме. 16-январь, 2020-жыл.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 16-январда Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси боюнча координациялык кеңешмеде айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, кеңешмеде Разаков чек ара маселеси боюнча жумушчу топтор иштеп жатканын, эки өлкө ортосунда белгилүү бир деңгээлде өз ара түшүнүү бар экенин билдирди.

- Кыргыз тарап буга чейин жетишилген келишимдерди карманууда жана чек ара маселесин тез чечүү максаты бар. Ошол эле учурда адам өлүмүнө алып келген, чек ара тилкелеринде болгон окуялар сүйлөшүү процессин татаалдаштырууда, - деди Разаков.

Ал чагымчылдыкка жана чыр-чатактарга жол бербеш керек экенин, чек ара аймагындагы айылдарда жергиликтүү элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин кошумчалады.

Мындан тышкары ал тажик тарап менен жолугушуунун жыйынтыгында кол коюлган протоколго ылайык Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы айрым жер тилкелерин бирдей жер тилкелерине алмашуу боюнча макулдашылган сунуштар иштелип жатканын айтты.

16-январда Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында күч түзүмдөрүнүн башчылары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан координациялык кеңешме өттү.

Анда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров 2019-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14 ирет чыр-чатак чыгып, анын 11и Баткен районунун, үчөө Лейлек районунун аймагында катталганын жарыялады. Чек арада чыккан чатактын сегизинде жергиликтүү эки эл тарабынан ок атылган. Чек ара аймагында тажик жарандары тарабынан 37, кыргыз тараптан 10 мыйзамсыз курулуштарды куруу катталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG