Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:45

Коррупция боюнча шектүү жетекчи ооруп калды


Бахтияр Төлөнов (сүрөт Интернеттен алынды).
Бахтияр Төлөнов (сүрөт Интернеттен алынды).

Мамлекеттик миграция кызматындагы борбордун жетекчиси Бахтияр Төлөновду эки айга камакка алуу жөнүндө чечим чыкты. Бирок ал тергөө абагына камалбастан, саламаттыгына байланыштуу ооруканага жаткырылганы кабарланды.

Мамлекеттик миграция кызматына караштуу Маалыматтык кеңеш берүү борборунун директору Бахтияр Төлөнов пара алуу боюнча шектүү катары өткөн аптада кармалган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) маалыматы боюнча, Төлөнов 800 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Тергөөнүн маалыматына караганда, аткаминер бул каражатка жеке ишкерлердин бирине кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка жиберүүгө уруксат берүүгө убада берген. Анткени Төлөнов мекемеде кыргызстандыктарга чет элде иштөөгө квота берген комиссиянын төрагасы болуп эмгектенчү.

Кармалган жетекчинин бөгөт чарасы 11-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралган. Аталган соттун басма сөз катчысы Асел Равшанбекованын айтымында, кылмышка шектүү 9-мартка чейин №1 тергөө абагында камакка алынды.

- Шектүү кармалгандан кийин 48 саат ичинде бөгөт чарасы аныкталышы керек, - деп түшүндүрдү ал. - Ошол тартиптин негизинде шектүү Төлөновдун бөгөт чарасы аныкталган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 9-мартка чейин №1 тергөө абагына камакта калтырылды. Анын ооруканага түшкөнүн угуп жатам, бирок бул тууралуу маалыматым жок.

Равшанбекова айткандай, сот чечими менен тергөө абагына камалышы керек болгон Бахтияр Төлөнов ооруканага түшкөнү боюнча кабарлар тарады. Бул маалыматты аткаминерге иш козгоп, аны тергеп жаткан Финансы полициясы да, анын адвокаттары да ырастай элек.

«Азаттыктын» күч органдарындагы ишенимдүү булагы кабарлагандай, Бахтияр Төлөнов чындап эле жүрөгү ооруп калганына байланыштуу ооруканага жаткырылган. Ал дарыланып чыккан соң гана тергөө абагына которулушу мүмкүн.

Бахтияр Төлөнов - Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери, депутат Данияр Төлөновдун бир тууганы. Депутат бир тууганынын кылмыш үчүн шектүү катары кармалганы боюнча комментарий бере элек.

Данияр Төлөнов.
Данияр Төлөнов.

«Азаттык» аны менен байланышкан учурда комментарийди кечирээк бере турганын айтуу менен гана чектелди.

Миграция кызматындагы аткаминердин кармалышы бул тармактагы буга чейин талкууга түшүп келген бир нече маселенин башын ачты.

Чет өлкөгө жумуш издеп чыккан мигранттардын агымы күч Кыргызстанда акыркы жылдары башка өлкөлөрдөн жумуш таап берүүнү уюштурган ортомчу фирмалар көбөйгөн. Мындай фирмалар Бахтияр Төлөнов жетектеген комиссиянын уруксаты менен гана өлкө аймагында иш жүргүзүүгө уруксат алат.

Соңку маалымат боюнча, учурда Кыргызстанда бул тармакта 105 фирма иш алып барууда. Бирок алардын айрымдары чет өлкөдө жумуш таап берүүгө убада берип, адамдардын акчасын алып, бирок аларды ара жолдо калтырып кеткен учурлар көп катталган.

Маселен, акыркы жолу Польша, Финляндия, Америка, Чехия баштаган Батыш өлкөлөрүнө ишке орноштурууга убада берип, быйыл жаздан бери алдынан 5 миң, артынан 800 долларга чейин акча алып, бирок убадасын аткарбай келаткан компанияга байланыштуу жакында эле жаңжал чыккан.

«Дал ушундай көрүнүштөр фирмаларды тыкыр текшербей туруп, коррупциялык жол менен уруксат берилгени үчүн көбөйүп жатат», - деди «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов.

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

- Мыйзамсыз көрүнүштөрдүн бардыгы коррупциянын айынан келип чыгууда, - дейт ал. - Мунун далили катары Төлөновдун кармалышын айта алабыз. Бул аябагандай чоң коркунуч, мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирет. Башка өлкөлөр сыртка агылып жаткан миграцияга каршы чара көрүп, аны токтотууга, иммигранттарды өлкөсүнө алып келүүгө аракет кылып жатса, биздикилер жарандарыбызды сыртка чыгаруунун мыйзамсыз жолдорун түзүп берип жатышат. Анын айынан былтыр канча жолу кычыраган суукта автобус толо адамдар көчөдө калып, жабыркаган учурлар болгон.

Мамлекеттик миграция комитете караштуу Маалыматтык кеңеш берүү борборунун директорунун же тагыраагы кылмыш боюнча шек саналган Бахтияр Төлөновдун орун басары Алмаз Алыбаев жоопкерчиликсиз фирмаларга карата чара көрүлүп жатканын жана бул багытта туташ коррупция үчүн күнөөлөө туура болбой турганын билдирди:

- Биз ошол жеке менчик компаниялардын ишмердигине мониторинг жүргүзөбүз. Ошол мониторингдин негизинде мыйзам бузган учурларды Финансы полициясына жөнөтүп турабыз. Мисалы, былтыр 15 ишти бергенбиз. Ал боюнча төрт компанияга кылмыш иши козголду.

Кыргызстанда бир миллиондон ашуун жаран четте миграцияда жүргөнү айтылып келет. Расмий эсептер боюнча анын көпчүлүк бөлүгү же 700 миңге жакыны Орусияда эмгектенип жүрсө, акыркы учурда Түркия, Чехия, Италия, Польша сыяктуу Европанын бир катар өлкөлөрүнө кеткен жарандар көбөйүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG