Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:05

Эрдоган генерал Хафтардын «сазайын берерин» эскертти


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Ливияда генерал Халифа Хафтардын армиясы эл аралык коомчулук тааныган Улуттук ынтымак өкмөтүнө чабуулун уланта турган болсо, Түркия анын «сазайын берерин» эскертти. Ал Москвада Орусия менен Түркиянын ортомчулугу астында өткөн, Ливиядагы жаатташкан тараптарды жараштыруу жараяны үзгүлтүккө учурагандан кийин 14-январда телеканал аркылуу кайрылуу таратты. Ал Хафтарды «эл аралык коомчулукка чыныгы жүзүн көрсөттү, Москвадан качып кетти» деп айыптады.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ушул эле күнү Москва Ливия чатагын жөнгө салуу аракетин уланта берерин билдирди.

Москвада 13-январда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тааныган Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарраж менен өзүн Ливиянын Улуттук армиясы деп атаган топту жетектеген Халифа Хафтар орус-түрк өкмөт өкүлдөрү менен өз-өзүнчө жабык жолугуп, бирок бир канча саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан жок. Халифа Хафтар келишимге кол койбостон Москвадан кетип калды.

Өткөн аптада Орусия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган Ливиядагы чырдашкан тараптарды 12-январдан тартып ок атууну токтотууга чакырышкан.

Ливияда 2011-жылы өлкөнү ондогон жылдар бою башкарган Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери түрдүү куралдуу топтордун ортосунда ич ара чыр-чатак тынчыбай келет. Негизги тирешүү БУУ тааныган Улуттук биримдик өкмөтү менен генерал Халифа Хафтар баш ийген парламенттин ортосунда жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG