Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:53

Момбеков: чек ара маселесин чече албаган өкмөттү кетириш керек


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков чек ара маселесин чече албаганы үчүн өкмөттү кызматтан кетириш керек деп эсептейт. Ал бул тууралуу фракциянын басма сөз кызматындагы видеомаегинде айтты.

- Эки жылдан бери эки метр жер чечилген жок. Эми 14-январда дагы жолугушуу болот экен. Чек араны делимитация жана демаркация кылуу иши токтоп турат. Сентябрда чоң чыр чыккан. Ошондо өкмөт башчы Жогорку Кеңешке ынанымдуу келип «маселени кабыргасынан койдук, тажик тарап да макул болду. Эми иш башталат» деп айткан. Кана эми, иш башталганы? Чек ара маселесин чече албаганы үчүн өкмөттү кызматтан кетиргенге толук негиз бар. Ушуну менин кызматташтарым кабыргасынан койбой жатат, - деди Момбеков.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Чек арадагы чатактан улам 10-январга караган түнү Баткен районунун Көк-Таш айылынын 254 тургуну Көк-Таш айылындагы орто мектепке жайгаштырылып, абал турукташкандан кийин үйлөрүнө кетишти. Алардын көпчүлүгү жаш балдар жана аялдар.

Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптап, Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырды.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат тараткан.

Кыргызстандын чек арачылары ал маалыматты толугу менен четке кагууда.

Абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон 11-январда телефон менен сүйлөшкөн. Натыйжада Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү 14-январда жолугуп, маселени талкуулашат. (BTo)

XS
SM
MD
LG